Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 23-марты № 40 Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 24-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү козгоо;";
2) 75-беренеде:
а) төртүнчү бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацында "администрациялык, анын ичинде токой укуктарын бузуу жөнүндөгү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бешинчи абзацында ", администрациялык" деген сөз алып салынсын;
б) бешинчи бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- токой фондусун пайдалануу, коргоо, сактоо жана токойлорду жаңыртып өстүрүү жагындагы бузуулар жөнүндө протоколдорду жана актыларды, жоруктар жөнүндө актыларды түзүү;";
- бешинчи абзацында "администрациялык укук бузууларды" деген сөздөр "бузууларды" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 78-берененин экинчи бөлүгүндө:
а) мамлекеттик тилдеги текстинде "жарандык, администрациялык" деген сөздөр "жазык, мүлктүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) расмий тилдеги текстинде "административную, " деген сөз алып салынсын;
4) 96-беренеде:
а) биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токой мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар тартиптик, жазык жоопкерчилигин жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";
б) экинчи бөлүгүндө "Администрациялык укук бузуулар" деген сөздөр "Бузуулар" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) үчүнчү бөлүгүндө "же администрациялык" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 30-мартындагы № 28 (3207) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2021-жылдын 10-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-февралындагы № 4394-VI "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу…Постановление · 10.02.2021 · № 4394-VI
Шилтеме берет (1)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон