1-берене
Күчүндө · 23.03.2021 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 24-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү козгоо;";
2) 75-беренеде:
а) төртүнчү бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацында "администрациялык, анын ичинде токой укуктарын бузуу жөнүндөгү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бешинчи абзацында ", администрациялык" деген сөз алып салынсын;
б) бешинчи бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- токой фондусун пайдалануу, коргоо, сактоо жана токойлорду жаңыртып өстүрүү жагындагы бузуулар жөнүндө протоколдорду жана актыларды, жоруктар жөнүндө актыларды түзүү;";
- бешинчи абзацында "администрациялык укук бузууларды" деген сөздөр "бузууларды" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 78-берененин экинчи бөлүгүндө:
а) мамлекеттик тилдеги текстинде "жарандык, администрациялык" деген сөздөр "жазык, мүлктүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) расмий тилдеги текстинде "административную, " деген сөз алып салынсын;
4) 96-беренеде:
а) биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токой мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар тартиптик, жазык жоопкерчилигин жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";
б) экинчи бөлүгүндө "Администрациялык укук бузуулар" деген сөздөр "Бузуулар" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) үчүнчү бөлүгүндө "же администрациялык" деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 23.03.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112199/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>