3-берене
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-статьянын 1-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-1. Техникалык регламент Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кабыл алынышы мүмкүн. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кабыл алынган техникалык регламент күчүнө киргенге чейин техникалык регламент ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык мыйзам же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому түрүндө кабыл алынышы мүмкүн.";
2) 28-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 38-статьянын 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 39-статьянын 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 40-статьяда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112198/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө жана Жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>