26-берене. Суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу жана акклиматизациялоо максаттарында балык уулоо
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 5-глава
1. Суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу жана акклиматизациялоо максаттарында балык уулоо балык чарба субъекттери тарабынан төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу жана акклиматизациялоо жаатындагы божомол-тапшырмаларды жана пландык иш-чаралары аткаруу;
2) балыктардын өндүрмөлүк түрлөрүнүн өндүргүчтөрүнүн урук чачуу жүрүмүнүн башталуу жана аяктоо мөөнөттөрүн суу биоресурстарын кармоо жана изилдөө жолу менен аныктоо;
3) суу экосистемаларынын ихтиофаунасын багыттуу түзүү, алардын түрдүк курамын жакшыртуу, ошондой эле балыктардын айрым баалуу түрлөрүн сактоо жана санын көбөйтүү жана алар жашаган ареалды кеңейтүү.
2. Суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу жана акклиматизациялоо максаттарында балык уулоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112193/st-26" title="26-берене - Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>