Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
25-берене. Илимий жана контролдук максаттарда балык уулоо
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 5-глава
1. Илимий жана контролдук максаттарда балык уулоо төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
1) көлмөлөрдүн ихтиофаунасына илимий жана ихтиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) көлмөлөрдө балык запастарынын жана тоюттук базанын болушуна, бөлүштүрүлүшүнө жана абалына баа берүү;
3) балык уулоонун жол берилген жалпы көлөмдөрүн аныктоо;
4) балык уулоо режимин жөнгө салуу.
2. Илимий жана контролдук максаттарда балык уулоо мамлекеттик маанидеги балык чарбалык көлмөлөрдүн негизги пайдалануучулары менен макулдашылат жана төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
1) ресурстук изилдөөлөрдүн ар жылдык планынын;
2) илимий жана ихтиологиялык жумуштарды жүргүзүү программаларынын;
3) балыкты контролдук максатта уулоо графиктеринин.
3. Илимий жана контролдук максаттарда балык уулоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Илимий жана контролдук максаттарда балык уулоо төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) суу биоресурстарын балык чарбалык изилдөөлөргө адистешкен илимий мекемелер;
2) балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адис-ихтиологдору.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112193/st-25" title="25-берене - Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>