27-берене. Балык уулоо продукциясы
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 5-глава
1. Балык уулоонун продукциясына төмөнкүлөр кирет:
1) балык уулоо жана өндүрмөлүк балык кармоо объекттери, алардан иштелип чыккан балык продукциясы жана икра;
2) Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүнөн кармалган, алынган (даярдалган) же мыйзамдуу негизде сатып алынган суу омурткасыздары жана балык үчүн тоюттук объекттер.
2. Эгерде балык уулоо продукциясы жана аквакультура объекттери мыйзамдуу негизде алынса, алар балык чарбалык көлмөлөрдү пайдалануучулардын менчиги болуп саналат.
3. Балык уулоо жана аквакультура объекттери мыйзамсыз балык уулоо продукциясы болуп таанылат, эгерде алар төмөнкүдөй кармалса:
1) өндүрмөлүк балык уулоочулук документтери жок;
2) балык уулоочулук билеттери жана карточкалары жок;
3) тыюу салынган мөөнөттөрдө, тыюу салынган шаймандар жана ыкмалар менен, тыюу салынган жерлерде, тыюу салынган түрлөрдү;
4) белгиленген лимиттен (квотадан) жана балык уулоо ченеминен ашыкча.
4. Балык уулоо продукциясын жана балык уулоо объекттерин алардын алынышынын мыйзамдуулугун жана тамак-аш азыктарынын сапатына, коопсуздугуна туура келе турганын ырастоочу документтери жок сатууга тыюу салынат.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112193/st-27" title="27-берене - Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>