21-берене. Аквакультураны өнүктүрүүнү илимий камсыз кылуу
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 4-глава
1. Аквакультураны өнүктүрүүнү илимий камсыз кылууну балык чарбалык адистешкен илимий-изилдөө мекемелери, профилдик илимий уюмдар жана селекциялык борборлор жүзөгө ашырат, алардын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аквакультура чөйрөсүндө селекциялык-асылдандыруу жумушунун илимий негиздерин иштеп чыгуу, селекциялык жетишкендиктерди жаратуу жана ишке киргизүү;
2) тузсуз суудагы аквакультуранын шарттарында жакшыртылган продукциялык жана керектөөчүлүк мүнөздөмөлөрү бар аквакультура объекттерин көбөйтүүнүн жана өстүрүүнүн ресурс үнөмдөөчү технологияларын иштеп чыгуу;
3) балыктын карп, өсүмдүк жей турган, осетр, лосось түрлөрүн жана башка аквакультура объекттерин көбөйтүүнүн жана өстүрүүнүн биотехнологиялык негиздерин иштеп чыгуу, ошондой эле келечектүү жаңы аквакультура объекттерин чарбалык өздөштүрүү;
4) балыктын сейрек учуроочу жана жоголуп бараткан түрлөрүнүн генефондун сактоонун жана жасалма өндүрүп чыгаруунун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу;
5) аквакультурада тузсуз суудагы гидробионтторду жакшыртылган рецептурадагы сертификатташтырылган жасалма тоютту пайдалануу менен сарамжалдуу тоюттандыруунун илимий-негизделген ыкмаларын иштеп чыгуу;
6) биологиялык өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана аквакультуранын экологиялык коопсуз продукциясын алуу максатында балык чарбалык суу объекттеринин суу экосистемаларынын иштөө шарттарын жакшыртуунун ыкмаларын өркүндөтүү;
7) аквакультура объекттерин сергектендирүүгө жана алардын жашап кетүү деңгээлин жогорулатууга багытталган, балыктарды диагноздоонун, алардын ооруларынын алдын алуунун жана дарылоонун натыйжалуу, экологиялык коопсуз ыкмаларын иштеп чыгуу;
8) аквакультураны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын аныктоо.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112193/st-21" title="21-берене - Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>