Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
22-берене. Аквакультураны өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 4-глава
1. Аквакультураны өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо төмөнкүдөй багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:
1) ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү, сапаттуу жана экологиялык коопсуз аквакультура продукциясын өндүрүүгө түрткү берүү;
2) балык өстүрүүдө асылдандыруу ишинин субъекттерин, аквакультура объекттеринин энелик үйүрлөрүн жана генофонддук коллекцияларын түзүүнү жана кармап турууну кошуп алганда, селекциялык-асылдандыруу жумушун өнүктүрүү жана финансылоо;
3) суу биоресурстарын жасалма өндүрүп чыгаруу жолу менен суу объекттеринин балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу;
4) балыктын сейрек учуроочу жана жоголуп бараткан түрлөрүнүн популяцияларынын санын калыбына келтирүү;
5) аквакультура объекттери үчүн сертификацияланган балык тоюттарынын улуттук өндүрүшүн өнүктүрүүгө түрткү берүү;
6) инновациялык программалардын, долбоорлордун каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен аквакультура жаатындагы илимий изилдөөлөрдү финансылоо;
7) аквакультура жаатында дипломдуу адистерди даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылуу;
8) биологиялык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында балык чарбалык суу сыйымдарда мелиорациялык жана оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарынын комплексин жүргүзүү;
9) аквакультураны туруктуу өнүктүрүү үчүн зарыл инфраструктураны түзүү жана кармап туруу.
2. Аквакультураны өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлөт.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112193/st-22" title="22-берене - Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>