20-берене. Аквакультура объекттерин интродукциялоо, акклиматизациялоо жана кайра акклиматизациялоо
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 4-глава
1. Аквакультура объекттерин интродукциялоо, акклиматизациялоо жана кайра акклиматизациялоо төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) суу биоресурстарынын түрдүк курамын байытуу;
2) биологиялык мелиорациялоону жүргүзүү;
3) суу объектинин биоөндүрүмдүүлүк дараметин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана кошумча продукцияны алуу.
2. Аквакультура объекттерин интродукциялоо, акклиматизациялоо жана кайра акклиматизациялоо суу биоресурстарынын аборигендик түрлөрүнүн популяцияларынын абалына терс таасирдин болушуна жол бербөө максатында жүзөгө ашырылат.
3. Аквакультура объекттерин интродукциялоо, акклиматизациялоо, кайра акклиматизациялоо жана/же көчүрүү суу биоресурстарын изилдөөнү жүзөгө ашыруучу илимий мекемелер иштеп чыккан илимий-биологиялык негиздеменин негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Илимий-биологиялык негиздемелерде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) жумуштардын максаты жана максатка ылайыктуулугу;
2) аквакультура объекттерин интродукциялоонун, акклиматизациялоонун, кайра акклиматизациялоонун жана (же) көчүрүүнүн шарттары;
3) балыктардын аборигендик түрлөрүнүн популяцияларынын абалына терс таасир кылууну же алардын жашоо чөйрөсүнүн, миграция жолдорунун начарлашын жокко чыгаруучу чаралар;
4) аквакультура объекттеринин көбөйүү шарттары.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112193/st-20" title="20-берене - Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>