1-берене. Жалпы жоболор
Күчүн жоготкон · 01.12.2021 редакциясы
1. Салыктык карыз, анын ичинде бажы органдары тарабынан алынуучу импортко кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС), импортко акциздик салык боюнча карыз жана салык төлөөчүлөрдүн жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда кайра түзүмдөштүрүүгө жатат.
2. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) камсыздандыруу төгүмү - камсыздандыруучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу үчүн камсыздоочуга төгүп берүүгө милдеттүү болгон акы;
2) салыктык карызды жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү - камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар, айып пулдар боюнча карыздарды толук же жарым-жартылай эсептен чыгаруу;
3) пайыздар - белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөн салыктар үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык кошуп эсептелген суммалар;
4) туум - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык төлөөчү төлөөгө милдеттүү болгон салыктарды, анын ичинде импортко, импортко акциздик салыкка КНС, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген акчалай сумма;
5) салыктык санкциялар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салык төлөөчүгө салына турган санкциялар;
6) айып пул - "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык жана башка санкцияларды кошуп алганда камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө салынуучу айып пулдар;
7) төлөөчү - салык төлөөчү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү.
Берененин тексти 01.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (2)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112105/st-1" title="1-берене - Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>