Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Д.Э.Толонов, Э.Ж.Сурабалдиева, С.А.Айжигитов тарабынан демилгеленген «Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-беренелерин расмий чечмелөө тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 29-декабры № 682
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Д.Э.Толонов, Э.Ж.Сурабалдиева, С.А.Айжигитов тарабынан демилгеленген "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-беренелерин расмий чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы N 682 тескемеси менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Д.Э.Толонов, Э.Ж.Сурабалдиева, С.А.Айжигитов тарабынан демилгеленген "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-беренелерин расмий чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Д.А.Толонов, Э.Ж.Сурабалдиева, С.А.Айжигитов тарабынан демилгеленген "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-беренелерин расмий чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында бул мыйзамдын долбоорунун максаты жана милдети салыктык текшерүүлөрдүн же салык төлөөчү тарабынан такталган отчетторду берүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айыптар боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жол-жобосуна расмий түшүндүрмө берүү болуп саналат деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иш жүзүндө ишке ашыруунун жүрүшүндө салык төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилдер үчүн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн, бирок 2020-жылдын 1-июлунан кийин эсептелген туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды толук көлөмдө эсептен чыгаруудан салык органдарынын баш тартуусуна туш болушкан. Ошентип, каралып жаткан Мыйзамдын долбоорунда "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-беренелерине көрсөтүлгөн беренелерди колдонуу шарттарын кароо менен расмий түшүндүрмө берүү сунушталат. "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык "төлөөчү" деген түшүнүк менен салык төлөөчү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү түшүнүлөт. Көрсөтүлгөн Мыйзамдын жоболорунда төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-июлуна карата түзүлгөн салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген туумдарды, салыктык санкцияларды, айып пулдарды эсептен чыгаруу жолу менен төлөө милдеттенмелеринен бошотулат деп каралгандыгын белгилеп кетүү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесин "салык төлөөчүлөрдүн" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн" деген сөздөр менен толуктоону, ошондой эле "кайра түзүмдөштүрүүнү өткөрүү датасына" деген сөздөрдү "2020-жылдын 1-июлуна чейинки отчеттук мезгил үчүн" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 21.06.2024 · № 102
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндөЗакон · 14.08.2020 · № 125 · Күчүн жоготкон