26-статья. Мурда Кыргыз Республикасынын граждандыгында турган чет өлкөлүк граждандардын укуктары
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
Мурда Кыргыз Республикасынын граждандыгында турган чет өлкөлүк граждандар чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алууга укуктуу. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу төмөнкү адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:
- алардын алгач Кыргыз Республикасынын граждандыгына таандык болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын граждандыгында турган чет өлкөлүк граждандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк граждандарга;
- алардын алгач Кыргыз Республикасынын граждандыгына таандык болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын граждандарынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк граждандарга;
- Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк граждандарга, ошондой эле алардын балдарына жана неберелерине.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин граждандарына ыйгарылышы мүмкүн эмес.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112079/st-26" title="26-статья - Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>