2-берене
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 68-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандардын, ошондой эле чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк граждандардын негизги укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин аныктайт, мындай статусту ыйгаруунун жана токтотуунун шарттарын жана тартибин белгилейт.";
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:
"11-статья. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандар Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандар деп, республиканын граждандары болуп саналбаган жана өзүнүн чет мамлекеттин граждандыгына таандык экендигинин далилдери бар адамдар таанылат. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештер деп, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк граждандар таанылат. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандарга мыйзамдарда каралган укуктар жана эркиндиктер кепилденет.";
3) 5-статьянын биринчи бөлүгү "уруксаты" деген сөздөн кийин ", же болбосо чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу" деген сөздөр менен толукталсын;
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы III бөлүм менен толукталсын:
"III. МУРДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГРАЖДАНДЫГЫНДА ТУРГАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ГРАЖДАНДАРДЫН УКУКТАРЫ
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндөЗакон · 14.12.1993 · № 1296-XII
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112079/st-2" title="2-берене - Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>