Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
27-статья. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруунун тартиби
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу ушул Мыйзамдын 26-статьясында көрсөтүлгөн, мындай статусту алууга укуктары бар чет өлкөлүк граждандардын өтүнүчү боюнча ыйгарылат. Чет мамлекеттин аймагында өтүнүчтү кабыл алуу жана чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документин берүү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруунун, узартуунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби, тийиштүү документтин үлгүсү жана аны берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Өтүнүчтү кароо жана чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу жөнүндө же аталган статусту ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу өтүнүч катталган күндөн тартып алты айдын ичинде жүзөгө ашырылат. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгарууда чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун жана ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген анын укуктарын ырастоочу, мамлекеттик маанидеги документ болуп саналган, чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документи берилет. Кыргыз Республикасынын граждандыгынан чыгууда чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ыйгарылат. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу мөөнөтсүз колдонулат. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документинин колдонулуу мөөнөтү документ берилген күндөн тартып он жылды түзөт жана ал белгиленген тартипте узартылат. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документин бергени үчүн мамлекеттик алым же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган каражаттар алынат.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112079/st-27" title="27-статья - Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>