2-берене
Күчүндө · 17.08.2020 редакциясы
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 52-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Алименттерди өндүрүү жөнүндө аткаруу документи боюнча карызкордун чыгуусун убактылуу чектөө жөнүндө токтом ыктыярдуу аткаруунун мөөнөтү аяктагандан кийин сот аткаруучу тарабынан беш жумушчу күндүн ичинде чыгарылат. Эгерде алимент өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документи боюнча карызкор жашаган жеринде жок болсо же анын жашаган жери белгисиз болсо, сот аткаруучу өз демилгеси менен же өндүрүп алуучунун арызы боюнча ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту тапшырганга чейин карызкордун чыгуусун убактылуу чектөө жөнүндө токтом чыгарат.";
2) 53-берененин 1-бөлүгүндө;
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Баккан адамдын ден соолугуна же өлүмгө учурашынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу, кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтуруу жөнүндө аткаруу документтери боюнча карызкордун турган жери тууралуу маалыматтар болбогон учурда, сот аткаруучу өз демилгеси менен же өндүрүп алуучунун арызы боюнча карызкорду издөө жөнүндө токтом чыгарат.";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Карызкордун турган жери жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда, алименттерди өндүрүү жөнүндө аткаруу документи боюнча сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызына карабастан карызкорду издөө жөнүндө токтом чыгарат.";
3) 93-беренеде:
а) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Сот аткаруучу тарабынан аныкталган алимент боюнча карыздын өлчөмү аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын биринин кызыкчылыктарын олуттуу бузган учурда, кызыкчылыктары бузулган тарап, карыздын өлчөмүн туруктуу акчалай суммада аныктоо же үй-бүлө мыйзамдарында каралган тартипте аны төлөөдөн бошотуу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Жашы жете элек балага алимент өндүрүү жөнүндө аткаруу документин системалуу түрдө (үч жолудан ашык) атайылап аткарбай койгондо же толук эмес көлөмдө аткарганда сот аткаруучу материалдарды ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө милдеттүү.".
Берененин тексти 17.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралууЗакон · 28.01.2017 · № 15
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112069/st-2" title="2-берене - Алименттик миллеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>