1-берене
Күчүндө · 17.08.2020 редакциясы
1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"алимент төлөөдөн кыянаттык менен качуу - алимент төлөө боюнча алименттик макулдашууну же алимент төлөө боюнча сот актысын системалуу түрдө (ушул Кодекстин 109-статьясынын негизинде алименттерди ай сайын төлөө милдетинде үч айдан ашык катары менен же бардыгын кошкондо бир жыл бою же алименттерди мезгил-мезгил менен төлөө милдетинде үч жолудан ашык), анын ичинде өзүнүн кирешелерин толугу менен же болбосо жарым-жартылай жашыруу, өндүрүп алууга мүмкүн болгон мүлкүн жашыруу, соттук аткаруучуга иштеген, окуган, киреше алган жерлерин өзгөрткөнү жөнүндө маалымат бербөө, жорук жасагандыгы үчүн жоопко тартылганына карабастан, өзүнүн кирешелери жана мүлкү, жашаган жана иштеген жери жөнүндө жалган маалыматтарды берүү жолу менен атайылап аткарбай коюу же толук эмес көлөмдө аткаруу.";
2) 40-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Сот жашы жетпеген балдардын кызыкчылыгынан жана (же) жубайлардын биринин көңүл бурууга арзый турган кызыкчылыгынан улам, атап айтканда, эгерде экинчи жубайы жүйөлүү себепсиз киреше албаган, баланы (балдарды) багууга катышуудан баш тарткан, жалпы мүлктү жашырган, жок кылган же бүлүндүргөн, же үйбүлөнүн кызыкчылыгына залал келтирүү менен чыгымдаган учурларда, алардын жалпы мүлкүндөгү жубайлардын үлүштөрүнүн баштапкы текчилигинен чегинүүгө укуктуу.";
3) 71-статьяда:
а) 2-пунктунда:
- экинчи абзацы "ата-эненин (экөөнүн биринин) койгон талабы боюнча талаш-тартыш" деген сөздөрдөн кийин "баланын кызыкчылыктарынан улам" деген сөздөр менен толукталсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Баланын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары, анын ичинде дарыланууга, спорттук жана башка мелдештерге, эс алууга, туугандары менен жолугушууга убактылуу жөнөп кетүүсүнүн маселеси боюнча ата-энелердин ортосунда талаш-тартыш болгон учурда, сот он жашка чыккан баланын пикирин милдеттүү түрдө эске алуу менен, ишти өндүрүшкө кабыл алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен бул талаш-тартышты карайт жана чечет.";
б) 3-пунктунда "жарандык процесстик мыйзамдарда" деген сөздөр "жоруктар жөнүндө мыйзамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 84-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Балдарды тарбиялоо менен байланышкан иштер боюнча соттун чечимдерин аткаруу соттук аткаруучу тарабынан аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Эгерде ата-эненин бири (баланы көзөмөлдөп турган башка адам) соттун чечимин аткарбаса, ага карата жоруктар жөнүндө мыйзамдарда каралган чаралар колдонулат.";
5) 85-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде ата-энеси (экөөнүн бири) өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга каражат бербеген учурда, аларды багуу үчүн каражат (алимент) баланын атынан, ата-энесинин биринен сотко берилген доонун, же болбосо алардын ата-энесинен (экөөнүн биринен) жашы жетпеген балдарына алимент өндүрүп алуу тууралуу доо коюу укугу берилген балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн доосунун негизинде ата-энелеринен (экөөнүн биринен) сот тартибинде өндүрүп алынат.";
6) 86-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу болбогондо, жашы жетпеген балдарга алименттер сот тарабынан алардын ата-энесинен ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүп алынат: бир балага - ата-энесинин иштеп тапкан жана (же) иш жүзүндөгү кирешесинин төрттөн бири, эки балага - үчтөн бири, үч же андан көп балага - жарымы. Мында, ушул Кодекстин 88-статьясында каралган учурларды кошпогондо, эмгекке жөндөмдүү ата-энелер үчүн алардын жашы жетпеген балдарына өндүрүп алынуучу алименттин эң аз өлчөмү айына бир балага - бир эң аз эмгек акыдан кем эмести, эки балага - бир жарым эң аз эмгек акыдан кем эмести, үч жана андан көп балага - эки эң аз эмгек акыдан кем эмести түзүшү керек.";
6) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ата-энеси фермердик чарба жүргүзүүдө, жүгүртүүдөгү накталай акча каражаттары жок болсо, жашы жетпеген балдарга алименттин орду тараптардын макулдашуусу боюнча накта азык-түлүк менен толтурулушу мүмкүн.";
7) 91-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында "катуу" деген сөз алып салынсын, "башка адамдарга бактырууга жардамдашуу зарылдыгы" деген сөздөрдөн кийин ", туруктуу жашап туруу үчүн жарактуу турак жайдын жоктугу" деген сөздөр мекен толукталсын;
8) 113-статьянын 1-пунктунда "чыгарууга укуктуу" деген сөздөр "чыгарат" деген сөзгө алмаштырылсын;
9) 117-статьянын 2-пунктунда "жарандык-процесстик мыйзамдарда" деген сөздөр "аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 125-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Алимент төлөөнүн эсебине берилген кыймылсыз мүлккө (турак үйгө, квартирага, жер участогуна) же анын бөлүгүнө менчик укугуна ээ болуу, бөлөк жашаган ата-эненин бирин баланын кошумча чыгашаларына катышуу милдетинен бошотпойт.".
Берененин тексти 17.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112069/st-1" title="1-берене - Алименттик миллеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>