Кыргыз Республикасынын «Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 12-августу № 122 Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
2020-жылдын 25-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене. "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2013-ж., № 7, 911-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы элүү алтынчы абзац менен толукталсын: "электромобиль - ички күйүүчү кыймылдаткычысыз, электр энергиянын булагынан (аккумуляторлор, отун элементтери, конденсаторлор жана д.у.с.) көз карандысыз кубат алуу менен бир же бир нече электр кыймылдаткычтары менен кыймылга келтирилүүчү автомобиль.".
4-берене. "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 16-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Диагностикалык борборлор транспорт каражаттарын техникалык кароону Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана техникалык регламенттерде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзөт. Диагностикалык борборлор тарабынан берилген оң корутундулар транспорт каражаты бардык талаптарга жооп берээрин, чектөөлөрү жок экендигин, абаны булгабаганын жана эксплуатациялоого толук даяр экендигин ырастоого тийиш.".
5-берене. Ушул Мыйзамдын 1-беренесин кошпогондо, Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 18-августундагы № 65(3137) жарыяланды Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аны күчүнө кирүүсүнүн башка тартиби белгиленбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренеси ал расмий жарыялангандан кийин 2 айдан эрте эмес, кийинки салыктык мезгилдин биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Автомобиль транспорту жөнүндөЗакон · 19.07.2013 · № 154
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3965-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2020 · № 3965-VI
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4040-VI "Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 25.06.2020 · № 4040-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4039-VI "Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 25.06.2020 · № 4039-VI
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-мартындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык саясаты чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 15.03.2021 · № 94 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Автомобиль транспорту жөнүндөЗакон · 19.07.2013 · № 154
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.