20-берене
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы
"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2014-ж., № 3, 167-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 12-беренеде:
а) 7 жана 8-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу акы төлөнүүчү негизинде жүзөгө ашырылат. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн алынуучу жыйым Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу акысы болуп саналат. Жыйым аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу үчүн уруксат алып жатканда толук көлөмдө төлөнөт жана кайра кайтарылууга жатпайт.
8. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу үчүн жыйымдын суммасы төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
1) 35 пайызы жаныбардын олжолонгон жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерине түшөт;
2) 65 пайызы республикалык бюджетке түшөт жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аңчылык ресурстарына мониторинг, кайтаруу жана көбөйтүү, чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүүгө, аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу, координациялоочу жана башка функцияларды жүзөгө ашырууга багытталат.";
б) 9-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндөЗакон · 13.03.2014 · № 41
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112032/st-20" title="20-берене - Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>