19-берене
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 19-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүүдө, кайра жол-жоболоштурууда жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдө мамлекеттик алым
1. Лицензия жана (же) уруксат берүүдө, кайра жол-жоболоштурууда жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык бир жолку мамлекеттик алым алынат. Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензия берүүчүсү тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу жана бир тараптуу тартипте таануу жол-жобосу үчүн Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык мамлекеттик алым алынат.
2. Арыз ээлеринен жана лицензия алуучулардан ушул Мыйзамда каралбаган башка мамлекеттик алымдарды алууга тыюу салынат.".
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112032/st-19" title="19-берене - Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>