21-берене
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 46-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда "төлөмдөр" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 47-беренеде:
а) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) пайдасын бөлүштүрүүдөн которуулар жана мамлекеттик ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр;";
б) 11-пунктунда "ижарага берүүдөн кирешелер" деген сөздөр "ижарага берүүнүн ижара акысы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 12-пунктунда "жана кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү үчүн төлөмдөр" деген сөздөр алып салынсын;
г) 13-15-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) сынам жыйымы;
14) аскердик милдетке байланышкан жыйымдар;
15) радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуу учун тооруктардын (аукцион, конкурс) натыйжалары боюнча радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн номерлөөнүн бөлүнгөн ресурсу үчүн жыйымдар;";
д) 16-18-пункттарда "төлөмдөр" жана "төлөм" деген сөздөр "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
е) 21-пунктунда "жана атайын азыктарды" деген сөздөр алып салынсын;
ж) 26-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
з) 48-беренеде:
а) 7-пунктунда "ижарага берүүдөн кирешелер" деген сөздөр "ижарага берүүнүн ижара акысы" деген сөздөргө алмаштырылсын:
б) 8 жана 9-пункттардагы "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) жайыттарды, ошондой эле айыл аймактарынын аймагында жайгашкан мамлекеттик токой фондунун жайыттарын пайдалангандыгы үчүн жыйым;";
г) 12-пункт күчүн жоготту деп таанылсын:
д) 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу үчүн жыйым;".
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112032/st-21" title="21-берене - Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>