Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу « Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-18.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 11-февралы № 18 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 22-январында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 8-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы З2 жана 33-бөлүктөр менен толукталсын:
"32. 2021-жылдан тартып башталган мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары төмөнкүлөргө жайылтылат:
- илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруучу-тескөөчү иш-милдеттер менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон органдарда, мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда иштеген жеке жактарга;
- мамлекеттик органдарда, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен мекемелерде, ошондой эле мамлекеттик үлүштүк катышы бар уюмдарда иштеген жеке жактарга;
- эл аралык уюмдардагы иштен киреше алган, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жактарга;
- салыктык мезгилде эсептик көрсөткүчтүн 3000 эселенген өлчөмүнөн жогору суммада менчик укугун же мүлккө болгон башка укугун сатып алууга багытталган бир жолку чыгашаларды тарткан жеке жактарга.
33. 2023-жылдан тартып башталган мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары салыктык мезгилде салык салынуучу кирешелерди алган жеке жактарга жайылтылат.";
б) 4-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "2019" деген цифралар "2025" деген цифраларга алмаштырылсын;
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2021-жылдан, 2023-жылдан же 2025-жылдан тартып башталган мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү субъекттер бирдиктүү салык декларациясын көрсөтүлгөн мезгилдер башталганга чейин ыктыярдуу негизде берүүгө укуктуу.".
2-берене. Ушул Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон