1-берене
Күчүндө · 13.12.2019 редакциясы
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлү - салыктык эмес кирешелерди тескөөдө жана тиешелүү бюджетке өндүрүп алууда төлөөчүнүн атынан белгиленген тартипте чыгууга укуктуу жак;";
2) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Жеке нотариус нотариалдык аракеттерди жасоодо жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө төлөөчүнүн мамлекеттик алымды төлөө боюнча өкүлү боло алат.";
3) 140-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жеке нотариус тарабынан алынуучу мамлекеттик алым нотариалдык аракеттер жасалган жана юридикалык мааниси бар документтер берилген күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде бирдиктүү төлөм менен төлөнөт.".
Берененин тексти 13.12.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111986/st-1" title="1-берене - Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>