90-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 12-глава
1. Ушул Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 71-беренени, 72-берененин 2-бөлүгүн, 74-берененин 13-бөлүгүн кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 2-августундагы № 64 жарыяланды
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып:
1) ушул Мыйзам күчүнө киргендигине байланыштуу кайра уюштуруу же уюштуруучулук-штаттык иш-чаралар өткөрүлгөн учурда, иштеп жаткан кызматкерлер конкурстук тандоодон өтпөстөн кызмат орундарын ээлөөнү уланта берет;
2) зарыл учурда, кызматкерлер уюштуруучулук-штаттык иш-чараларды өткөрүүдө андан ары милдеттүү түрдө жумушка орноштуруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдын кадрларынын карамагына жиберилет;
3) кызматкерлерди мамлекеттик жарандык кызматка же ушул эле укук коргоо органынын укук коргоо бөлүктөрүнө которгондо, аларды ишке кабыл алуу конкурстан тышкаркы негизде жана сыноо мөөнөтүн белгилебестен жүргүзүлөт (ушул пункт ушул Мыйзамдын күчүнө киришине түздөн-түз байланышкан учурларда гана колдонулат жана бир жолку мүнөзгө ээ);
4) мамлекеттик жарандык кызматка которулуучу кызматкерлердин которулган күнгө карата иштеген жылдары сакталат жана мамлекеттик жарандык кызмат стажына кошулат, ал иштеген жылдары үчүн кошумча үстөк алууга, класстык чен ыйгарууга, кошумча өргүүгө жана пенсия дайындоого укук берет;
5) мамлекеттик жарандык кызматка которулган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кызматкерлер үчүн белгиленген тартипте бир жолку жөлөкпул төлөө менен пенсияга чыгууга укук берүүчү кызмат мөөнөтүндө иштеген жылдары боюнча кызматтан бошонуу укугу сакталат;
6) кызматкерлердин, анын ичинде мамлекеттик жарандык кызматка которулган адамдардын кызматтык маяналары жана башка төлөөлөр ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө чейин колдонулган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген маяналарга жана башка төлөмдөргө салыштырмалуу начарлашы мүмкүн эмес.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелерди чечсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 9-январындагы № 3 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 5-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1361-XII Мыйзамынын II бөлүмүнүн 7 - 73, 10 жана 11-статьялары, III жана IV бөлүмдөрү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 245 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 9, 1018-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-июлундагы № 183 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 986-ст.);
5) "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 Мыйзамынын 40-43-статьялары (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 12, 501-ст.);
6) "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 Мыйзамынын V главасы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.);
7) "Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 127 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 6-ст.);
8) "Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-декабрындагы № 252 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1692-ст.);
9) "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 21-июлундагы № 93 Мыйзамынын 5-7, 9, 12-15-статьялары, 18-статьясынын 7 жана 8-пункттары, 19, 22, 24, 25, 29, 30 жана 34-статьялары, 35-статьясынын 1 жана 3-пункттары, 36-статьясынын 1-3-пункттары, 37-40, 45, 47, 49 жана 54-статьялары (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 502-ст.);
10) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 83 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 365-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
2019-жылдын 20-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
90-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (10)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 21.07.1998 · № 93
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197
- Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 30.05.2014 · № 83
- Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөЗакон · 31.10.2002 · № 150 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөЗакон · 09.01.2006 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тартип уставы жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 21.07.2015 · № 183 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 20.11.2008 · № 245 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 23.12.2011 · № 252 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-90" title="90-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>