Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 30-майы № 83 Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 12-статьянын 7-бөлүгүндө "мамлекеттик кызматчылардын андан жогорку квалификациялык даражасына, класстык чендерине, атайын же аскердик наамдарына" деген сөздөр "андан жогорку атайын же аскердик наамга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 18-статьянын 3-бөлүгүндө ", ал эми катардагы курамдын жана кенже башкаруучу курамдын айрым кызматтарына дайындоо жана бошотуу бажы органдарынын жетекчилери тарабынан ишке ашырылат" деген сөздөр алып салынсын.
3. 34-статьянын 1-бөлүгүндө жана 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эмгек жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын.
4. 35-статьянын 2-бөлүгүндө "Эмгек кодексине" деген сөздөр "мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 48-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-15-пункттар менен толукталсын:
"13) эгерде бул документтер же маалыматтар бажы органдарына кызматка кирүүсүнө тоскоол болуучу негиз болуп саналса, бажы органдарына кызматка кирүүдө кызматкердин жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды берүүсү;
14) эгерде анын тартиптик жаза марасы болсо. кызматкердин кызматтык милдеттерди жүйөлүү себептерсиз бир нече жолу аткарбоосу;
15) мамлекеттик кызмат жөнүндө жана коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген учурларда.".
2-берене. (КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 21.07.1998 · № 93
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 25.07.2019 · № 102
- Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тартип уставы жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 127 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 25.07.2019 · № 102
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 21.07.1998 · № 93
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон