47-берене. Курал колдонууга тыюу салуу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 7-глава
1. Төмөндө аталган адамдар жарандардын, башка адамдардын же кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же башкача кол салган учурларды кошпогондо, кызматкерге кош бойлуу экендиги көрүнүп турган аялдарга, майып экендиги ачык билинип турган адамдарга, жаш курактары анык же укук коргоо органдарынын кызматкерине белгилүү болгон жашы жетпегендерге карата курал колдонууга тыюу салынат.
2. Кызматкер террордук актыларды алдын алуу (бөгөт коюу), барымтага алынгандарды бошотуу, топтошуп же куралдуу кол салуунун мизин кайтаруу максатында курал колдонууну кошпогондо, курал колдонуунун натыйжасында адамдар жабыр тартып калуусу мүмкүн болсо, жарандар жыш топтошкон учурда курал колдонууга укугу жок.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-47" title="47-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>