82-берене. Кызматкердин демилгеси боюнча контрактты бузуу жана кызматтан бошотуу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 10-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31
1. Кызматкер бошотула турган датасына чейин эки жума мурда, бекитилген тартипте билдирме берүү менен, жеке демилгеси боюнча контрактты бузууга жана кызматтан бошоого укуктуу.
2. Укук коргоо органынын жана кызматкердин макулдугу боюнча кызматкер билдирме берген учурдан тартып эки жумалык мөөнөттөн эрте бошотулушу мүмкүн.
3. Кызматкер контрактты бузуу тууралуу билдирме бергенден кийинки 2 жума аралыгында өз билдирмесин жазуу жүзүндө кайтарып алууга укуктуу. Бул учурда кызматкер менен түзүлгөн контракт бузулбайт жана кызматтан бошотулбайт.
4. Кызматкер контрактты бузуу тууралуу эскертүү мөөнөтү аяктагандан кийин белгиленген тартипте ага бекитилип берилген куралды, мүлктөрдү, документтерди, кызматтык күбөлүгүн жана жетонун өткөрүп берген шартта кызматтык милдеттерин аткарууну токтотууга укуктуу.
(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
82-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана кызматтан бошотуу
1. Кызматкер бошотула турган датасына чейин алынып салынды: бир ай кошулду: эки жума мурда, бекитилген тартипте билдирме берүү менен, жеке демилгеси боюнча контрактты алынып салынды: мөөнөтүнөн мурда бузууга жана кызматтан бошоого укуктуу.
2. Укук коргоо органынын жана кызматкердин макулдугу боюнча кызматкер билдирме берген учурдан тартып алынып салынды: бир айлык кошулду: эки жумалык мөөнөттөн эрте бошотулушу мүмкүн.
3. Кызматкер алынып салынды: мөөнөтүнөн мурда контрактты бузуу тууралуу билдирме бергенден кийинки 2 жума … түзүлгөн контракт бузулбайт жана кызматтан бошотулбайт.
4. Кызматкер алынып салынды: мөөнөтүнөн мурда контрактты бузуу тууралуу эскертүү мөөнөтү аяктагандан кийин … берген шартта кызматтык милдеттерин аткарууну токтотууга укуктуу.
кошулду: (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Обобщение судебной практики по рассмотрению гражданских дел, связанных с трудовыми спорами, рассмотренных судами республики в 2020-2021 годах.Обзор судебной практики · 25.12.2024
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-82" title="82-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>