81-берене. Ишенимди жоготкондугуна байланыштуу бошотуу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 10-глава
81-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 81-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Кызматкер ишенимди жоготкондугуна байланыштуу укук коргоо органынын жетекчисинин чечими менен кызматтан бошотулушу мүмкүн. Ишенимди жоготкондугун жарыялоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) дарыгердин дайындоосусуз баңги же психотроптук заттарды колдонуусу;
2) жеке пайда көрүү кызыкчылыгында кызмат абалынан пайдалануусу;
3) адамдарга өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен кызматтык милдеттеринде каралбаган кандай болбосун жардам көрсөтүүсү жана ал үчүн ар түрдүү формада сыйакы алуусу;
4) финансылык каражаттарды же кызматтык маалыматты кызматтык эмес максаттарда колдонуусу;
5) кызматкер өзү бир тарабында турган кызыкчылыктардын кагылышуусун токтотуу жана (же) жөнгө салуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү;
6) кызматкер тарабынан өзүнүн кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана мүлктүк милдеттенмелери тууралуу, ошондой эле өзүнүн жубайынын жана жашы жете элек балдарынын кирешелери, чыгашалары тууралуу, мүлкү жана мүлктүк милдеттенмелери тууралуу маалыматтардын берилбегендиги же болбосо билип туруп такталбаган же толук эмес маалыматтарды берүүсү;
7) эксперттик, илимий, окутуучулук, дене тарбия-спорттук же чыгармачылык иштерди жана ыкчам зарылчылыктан келип чыккан учурларды кошпогондо, ишкерлик менен алектенүүсү, ар кандай акы төлөнүүчү иштерди айкалыштырып аткаруусу;
8) иш таштоо, митинг жана тынчтык жыйын өткөрүүгө болгон жалпы жарандык укуктун башка формасынын көрүнүштөрүн кошкондо, мамлекеттик органдардын талаптагыдай иштөөсүнө жана кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоол болгон аракеттерди уюштуруусу жана (же) катышуусу;
9) уюшкан кылмыштуу топтор, террордук, экстремисттик же сепаратисттик уюмдар менен байланышы же катыштыгы бар экендиги тууралуу маалыматтардын болушу.
2. Бузуунун ар бир факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
81-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-81" title="81-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>