75-берене. Эмгекке тартуунун кепилдиктери
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 9-глава
1. Укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн убакыт эмгек стажына жана мамлекеттик кызматтагы стажга эсептелет.
2. Кызматкердин бийик тоолуу райондордо, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарда жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мекемелеринде кызмат өтөгөн убактысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жеңилдетилген шарттарда эсептелет.
3. Ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, кызматкерди кызмат өтөгөн мезгилде кызматка байланышпаган жумуштарга жана башка милдеттерди аткарууга тартууга жол берилбейт.
4. Кызматкерди кызматы боюнча башка аймакка которууда жергиликтүү бийлик органдары кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнө алардын кайрылуусу боюнча кесибине ылайык жумушка орноштурууга жардам берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
75-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-75" title="75-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>