31-берене. Өзгөчө шарттарда кызмат өтөө
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31
1. Аскердик, өзгөчө абалдарда, антитеррористтик операция режиминде же мыйзамда каралган башка кризистик кырдаалдарда келип чыккан милдеттерди аткаруу үчүн кызматкерди анын макулдугусуз, укук коргоо органы аныктаган тартипте, календардык жылдын ичинде 6 айдан ашпаган мөөнөткө тартууга уруксат берилет.
2. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда өзгөчө шарттарда кызмат өтөө деп кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын өзгөчө же аскердик абалдын режими киргизилгенде, жабык мекемелерден качуулар болгондо, барымтага алганда, массалык башаламандыктарда, камакта кармалган адамдар жана соттолгондор топтошуп баш ийбегенде же ушул сыяктуу коркунучтар келип чыкканда аларды жоюу үчүн зарыл болгон мөөнөттө кызмат кылуусу түшүнүлөт.
3. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат өтөөнүн өзгөчө шарттары деп өзгөчө же аскердик абалдын режими киргизилгенде, адамдар барымтага алынганда, массалык баш аламандыктарда кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын кызматы түшүнүлөт.
4. Кызматкердин ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган шарттарда иштөөсү эс алуу күндөрү жана мыйзамдарда белгиленген башка кепилдиктер менен милдеттүү түрдө компенсацияланат.
5. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган учурларда кызматкердин жүйөлүү себептерсиз кызмат өтөөдөн баш тартуусу контрактты бузуу жана ушул Мыйзамга ылайык кызматтан бошотуу үчүн негиз болот.
(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аларды жоюу үчүн зарыл болгон мөөнөттө кызмат кылуусу түшүнүлөт.
3. алынып салынды: Кызматкердин жазаларды аткаруу кошулду: Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат өтөөнүн өзгөчө алынып салынды: шарттарындагы режимде иштөөсү 3 айдан ашпоого тийиш.
кошулду: шарттары деп өзгөчө же аскердик абалдын режими киргизилгенде, адамдар барымтага алынганда, массалык баш аламандыктарда кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын кызматы түшүнүлөт.
4. Кызматкердин ушул берененин алынып салынды: 1 жана 2-бөлүктөрүндө кошулду: 1-3-бөлүктөрүндө каралган шарттарда иштөөсү алынып салынды: милдеттүү түрдө эс алуу күндөрү кошулду: жана мыйзамдарда белгиленген башка кепилдиктер менен кошулду: милдеттүү түрдө компенсацияланат.
5. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган учурларда кызматкердин жүйөлүү себептерсиз кызмат өтөөдөн баш тартуусу контрактты алынып салынды: мөөнөтүнөн мурда бузуу жана ушул Мыйзамга ылайык кызматтан бошотуу үчүн негиз болот.
кошулду: (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-31" title="31-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>