76-берене. Кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык укуктарынын кепилдиктери
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 9-глава
1. Балдарын атасыз (энесиз) багып жаткан кызматкер мыйзамга жана башка үй-бүлөнү жана балалыкты коргоо жөнүндөгү мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды пайдаланат.
2. Курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана өлчөмдөрдө сөөк коюуга жөлөкпул төлөнөт.
3. Укук коргоо органынын окуу жайынын курсанты курман болсо (өлсө), сөөк коюуга жөлөкпул укук коргоо органынын катардагы курамынын төмөнкү кызматтык маянасынын өлчөмүндө чегерилет.
4. Кызматкердин балдарына анын үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки мекемелерден кезексиз тартипте орун берилет.
5. Кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон кызматкердин балдары баштапкы жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларга конкурстан тышкары өтүү укугунан пайдаланат.
6. Кызматкер көчүүгө байланышкан башка кызмат орунга (окууга) которулганда, жубайынын ишинин эмгек стажы мурдагы иш ордунан бошонгон күндөн тартып 6 ай бою үзгүлтүккө учурабайт.
7. Кызматкер кызматтык кылмыш кылгандыгына байланыштуу, анын ичинде коррупция, мамлекеттик жана (же) муниципалдык менчикти уурдоого байланышкан кылмыш жасагандыгы үчүн кызматтан бошотулган учурда, аталган кызматкер укук коргоо органдарында иштегендиги үчүн мамлекет тарабынан берилүүчү бардык жеңилдиктерден жана социалдык кепилдиктерден (пенсиялык камсыздоодон тышкары) ажыратылат.
(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
76-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана өлчөмдөрдө сөөк коюуга жөлөкпул төлөнөт.
3. … кепилдиктерден (пенсиялык камсыздоодон тышкары) ажыратылат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-76" title="76-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>