5-берене. Укук коргоо органынын кызматкеринин статусу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31
1. Укук коргоо органынын кызматкеринин (мындан ары - кызматкер) статусу ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген, мамлекет кепилдеген укуктардын жана милдеттердин жыйындысын билдирет.
2. Кызматкердин статусу инсанга, квалификацияга жана жүрүм-турумга жогорку талаптарды белгилөөнү, ыйгарым укуктарды талаптагыдай эмес аткаруу үчүн жоопкерчиликти жогорулатууну көздөйт.
3. Кызматкердин статусу кызматка кирген күндөн тартып келип чыгат жана бошогон күндөн тартып токтотулат.
4. Кызматкер мамлекеттик бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Мыйзам менен тикелей ыйгарым укук берилген органдардан жана кызмат адамдарынан тышкары эч ким анын кызматтык ишине кийлигишүүгө укугу жок.
5. Аскердик, өзгөчө абал шарттарында же башка кризистик кырдаалда кызмат өтөп жаткан кызматкердин статусунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
6. Кызматкерди жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келгенден башкача кандайдыр бир укуктардан жана эркиндиктерден ажыратууга же алардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө эч кимдин укугу жок.
7. Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзамдуу талаптары бардык жарандар жана кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
8. Кызматкердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, аны мазактоо, каршылык көрсөтүү, коркутуу, зомбулук кылуу же анын өмүрүнө, саламаттыгына жана мүлкүнө кол салуу, ошондой эле ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылуучу башка аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында укук бузуулар, кылмыштар үчүн белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
9. Кызматкер кылмыштарды же жоруктарды жасап жаткан жеринде кармалган же аларды жасагандыгы үчүн айыпталган учурларды кошпогондо, ал өз кызматтык милдеттерин аткарып жатканда ал кызмат өтөп жаткан укук коргоо органынын өкүлүсүз аны айдап келүүгө жана кармоого, ошондой эле жеке карап чыгууга жана анын буюмдарын, жеке жана пайдаланып жаткан транспортун карап чыгууга жол берилбейт.
(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылуучу башка аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кошулду: укук бузуулар, алынып салынды: жоруктар, кылмыштар үчүн белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
9. Кызматкер … жеке жана пайдаланып жаткан транспортун карап чыгууга жол берилбейт.
кошулду: (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>