4-берене. Укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн принциптери
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 1-глава
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулук;
2) укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштурууга бир түрдүү мамиле жасоо;
3) укук коргоо органдарындагы кызматка жана кызмат боюнча көтөрүлүүгө жарандардын бирдей мүмкүнчүлүгү;
4) бир башчылык жана субординация (баш ийүүчүлүк);
5) саясий партиялардын жана саясий максаттарды көздөгөн башка коомдук бирикмелердин, ошондой эле диний уюмдардын иштерине катышуусуна тыюу салуу;
6) кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана компетенттүүлүгү;
7) укук коргоо органдарындагы кызматта чектөөлөрдүн, милдеттердин, тыюу салуулардын, жоопкерчиликтин өз ара байланышы жана кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктер.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>