17-берене. Атайын наамдар
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 4-глава
1. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундар боюнча белгиленген атайын наамдар ушул Мыйзамга ылайык ыйгарылат.
2. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.
3. Катардагы курамдын кызмат ордун ээлөөдө кызматкерге катардагы курамдын атайын наамы ыйгарылат.
4. Жогорку жетектөөчү курамдын кызмат орундарынын жана аларга туура келүүчү атайын наамдардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
5. Укук коргоо органдарынын жетектөөчү курамынын кызмат орундарынын жана бул кызмат орундарына туура келүүчү чектелген атайын наамдардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…келүүчү чектелген атайын наамдардын тизмегин Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети бекитет.
кошулду: (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>