18-берене. Атайын наамдарды ыйгаруунун тартиби жана шарттары
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31
1. Кызматкерге атайын наам анын билимин, иштеген жылдарын жана ээлеп турган штаттык кызмат ордун, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка шарттарды эске алуу менен жекече ыйгарылат.
2. Ыйгаруунун ырааттуулугуна жараша атайын наамдар биринчи жана кезектеги болуп бөлүнөт.
3. Атайын наамдар класстык чендерди жана дипломаттык рангдарды эсепке албастан ушул Мыйзамга ылайык ыйгарылат.
4. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын биринчи атайын наамдары жарандарды укук коргоо органдарына кызматка кабыл алганда кызмат ордуна дайындоо менен же укук коргоо органдарынын, анын ичинде чет мамлекеттердин окуу жайларына кабыл алуу менен бир эле убакытта ыйгарылат.
5. Биринчи атайын наам (милициянын кенже лейтенанты, ички кызматтын кенже лейтенанты, бажы кызматынын кенже лейтенанты) жарандарга укук коргоо органынын ортоңку жана улук жетектөөчү курамынын кызмат ордуна дайындоо менен бир учурда ыйгарылат.
6. (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Запастагы аскердик же атайын наамы бар, укук коргоо органдарына кызматка кирген адамдарга кызмат ордуна карабастан учурдагы наамына туура келүүчү атайын наам ыйгарылат.
8. (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. Укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын, Кыргыз Республикасынын аскердик окуу жайларын бюджеттик окутуунун күндүзгү формасы боюнча, чет мамлекеттердин ушундай эле жогорку билим берүү мекемелерин Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге же алардын негизинде түзүлгөн ведомстволор аралык макулдашууларга ылайык аяктаган бүтүрүүчүлөргө "милициянын лейтенанты", "ички кызматтын лейтенанты", "бажы кызматынын лейтенанты" деген биринчи атайын наам ыйгарылат.
10. Мурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында же Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн кызматкерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу укук коргоо органдарында кызмат ордуна дайындалгандан кийин учурдагы наамда иштеген жылдарынын жана бошотулганга чейинки наамда иштеген жылдарынын мөөнөттөрүн чогуу эсептөө менен жүргүзүлөт.
11. Катардагыдан полковникке чейинки атайын наамдар укук коргоо органынын жетекчисинин буйругу менен же ыйгарым укуктуу жетекчи тарабынан ыйгарылат.
12. Жогорку атайын наамдар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
13. Кызматкерге кезектеги атайын наам ырааттуу тартипте, кезектеги атайын наамы ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келгенде жана мурунку атайын наамда иштеген жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөндө ыйгарылат.
Кызмат орду боюнча белгиленип чектелген атайын наамга ылайык келген атайын наамы бар кызматкерлер жогорку наам каралган кызмат ордуна жылыштырганда кезектеги атайын наамды ыйгарууга ошол кызмат ордуна дайындалган күндөн тартып 3 айдан эрте эмес көрсөтүлөт.
14. Окуу жайларда окутуунун күндүзгү формасында окуп жаткан кызматкерге (угуучулар, адьюнкттар, аспиранттар, докторанттар) кезектеги атайын наам окууга өткөнгө чейин ал ээлеген штаттык кызмат ордуна ылайык ыйгарылат.
15. Кыргыз Республикасынын башка укук коргоо органынан, Куралдуу Күчтөрүнөн же башка аскердик түзүлүштөрүнөн которулуу тартибинде укук коргоо органына кызматка кирген кызматкерге анын учурдагы аскердик же атайын наамына тете атайын наам ыйгарылат.
16. Көрсөтүлгөн адамдын учурдагы наамда иштеген жылдарынын мөөнөтүнө мурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органында, Куралдуу Күчтөрүндө же башка аскердик түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн мезгилинде ушул наамда иштеген жылдарынын мөөнөтү кошуп эсептелет.
17. Кызматкерге кезектеги атайын наамды ыйгарууга сунуш берүүнү негизсиз кечиктирген кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
18. Кызмат өтөөсү токтогондо, учурдагы атайын наамга "запастагы" же "отставкадагы" деген сөздөр кошулат.
19. Кызматкерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу төмөнкүдөй учурларда сунушталбайт:
1) укук коргоо органынын, анын аймактык органынын же бөлүгүнүн кадрларынын карамагында турса - кызмат ордуна дайындалганга чейин;
2) кылмыш иши боюнча шектүү, айыпталуучу катарында тартылса, жазыктык иш же жоруктар жөнүндө иш боюнча ага карата сотко чейинки өндүрүш башталса - жазыктык иш же жоруктар жөнүндө иш токтотулганга же сот тарабынан актоо өкүмү чыкканга чейин;
3) кызматкерге тартиптик жаза чара берилсе - тартиптик жаза чарасы алынганга чейин;
4) кызматтык иликтөө жүргүзүлсө - ал бүткөнгө чейин.
20. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча актоо корутундусу, кылмыш иши боюнча актоо өкүмү чыгарылса же жазыктык куугунтуктоо реабилитациялоого укук берүүчү негиздер боюнча токтотулса, кезектеги атайын наамдар ушул Мыйзамга ылайык белгиленген мөөнөттөрдө ыйгарылат.
21. Атайын наамдарды ыйгаруунун башка, ушул Мыйзамда каралбаган тартибин жана шарттарын белгилөөгө тыюу салынат.
(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…менен же укук коргоо органдарынын, анын ичинде чет мамлекеттердин алынып салынды: окутуу мөөнөтү 4 жылдан ашкан окуу жайларына кабыл алуу менен бир эле убакытта ыйгарылат.
5. Биринчи атайын наам (милициянын кенже лейтенанты, ички кызматтын кенже лейтенанты, алынып салынды: финансы полициясынын кенже лейтенанты, бажы кызматынын кенже лейтенанты) алынып салынды: кенже лейтенант аскердик наамы бар же жогорку окуу жайын бүтүргөн, орго кошулду: жарандарга укук коргоо органынын ортоңку жана улук жетектөөчү алынып салынды: курамдагы кошулду: курамынын кызмат ордуна алынып салынды: дайындалган кызматкерге, ошондой эле аскердик же жетектөөчү курамдын атайын наамдарына ээ болбогон жана орто жана улук жетектөөчү курамдын кызмат орундарында турган аялдарга кошулду: дайындоо менен бир учурда ыйгарылат.
6. алынып салынды: Атайын наамды ыйгаруу жөнүндө буйруктун чыккан датасына карабастан, кызмат ордуна дайындалган учурдан тартып кызматкерге биринчи атайын наам ыйгарылды деп эсептелет.
кошулду: (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Запастагы аскердик же атайын наамы бар, укук коргоо органдарына … карабастан учурдагы наамына туура келүүчү атайын наам ыйгарылат.
8. алынып салынды: Укук коргоо органдарына кызматка биринчи жолу кирип жаткан жана запастагы офицер аскердик наамы бар адамдар кенже жетектөөчү курамдагы кызмат ордуна алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча гана дайындалышы мүмкүн.
кошулду: (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. Укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын, Кыргыз … аяктаган бүтүрүүчүлөргө "милициянын лейтенанты", "ички кызматтын алынып салынды: лейтенанты", "финансы полициясынын лейтенанты", "бажы кызматынын лейтенанты" деген биринчи атайын наам … наамда иштеген жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөндө ыйгарылат.
кошулду: Кызмат орду боюнча белгиленип чектелген атайын наамга ылайык келген атайын наамы бар кызматкерлер жогорку наам каралган кызмат ордуна жылыштырганда кезектеги атайын наамды ыйгарууга ошол кызмат ордуна дайындалган күндөн тартып 3 айдан эрте эмес көрсөтүлөт.
14. Окуу жайларда окутуунун күндүзгү формасында окуп жаткан … карамагында турса - кызмат ордуна дайындалганга чейин;
2) алынып салынды: жазыктык иш же жоруктар жөнүндө иш кошулду: кылмыш иши боюнча шектүү, айыпталуучу катарында тартылса, жазыктык иш же … чейин.
20. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча актоо корутундусу, алынып салынды: жазыктык иш же жоруктар жөнүндө иш кошулду: кылмыш иши боюнча актоо өкүмү чыгарылса же жазыктык куугунтуктоо … Мыйзамда каралбаган тартибин жана шарттарын белгилөөгө тыюу салынат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>