Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 7 апреля 2026 года № 44 "О племенном деле в животноводстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-07.
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 8-июлу № 80 "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 30-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 355-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Геномдук селекция - бул гендердин варианттары менен чарбалык-пайдалуу белгилердин ортосундагы өз ара байланыштуулукту табууга жана азыктуулук сапаттарынын баалуу белгилеринин популяциясын аныктоого жана бекемдөөгө селекцияны максаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берген дезоксирибонуклеин кычкылдык маркерлеринин жардамы менен малды гендик типтештирүү. Дезоксирибонуклеин кычкылдык маркерлери - бул ар кандай жандыктардын, породалардын, сорттордун, линиялардын гендик типтерин салыштырууда белгилүү бир ген үчүн же хромосомдун башка кандай болбосун участогу үчүн молекулалык биологиянын ыкмасы менен дезоксирибонуклеин кычкылдыктарынын нуклеотиддик ырааттуулугунун деңгээлинде аныкталуучу полиморфтук белги.";
2) 2-берененин 2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- асылдандыруу иши жаатында илимдин жетишкендиктерин практикага киргизүү, аларды асылдандыруу ишинин субъектилеринин арасында пропагандалоо;";
3) 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Асылдандыруу ишинин субъектилерин мамлекеттик колдоо Асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун алган асылдандыруу ишинин субъектилерин мамлекеттик колдоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-июлундагы N 58 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 07.04.2026 · № 44
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 27.04.2009 · № 133 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 07.04.2026 · № 44