1-берене
Күчүн жоготкон · 07.04.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 апреля 2026 года № 44.
"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 355-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Геномдук селекция - бул гендердин варианттары менен чарбалык-пайдалуу белгилердин ортосундагы өз ара байланыштуулукту табууга жана азыктуулук сапаттарынын баалуу белгилеринин популяциясын аныктоого жана бекемдөөгө селекцияны максаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берген дезоксирибонуклеин кычкылдык маркерлеринин жардамы менен малды гендик типтештирүү. Дезоксирибонуклеин кычкылдык маркерлери - бул ар кандай жандыктардын, породалардын, сорттордун, линиялардын гендик типтерин салыштырууда белгилүү бир ген үчүн же хромосомдун башка кандай болбосун участогу үчүн молекулалык биологиянын ыкмасы менен дезоксирибонуклеин кычкылдыктарынын нуклеотиддик ырааттуулугунун деңгээлинде аныкталуучу полиморфтук белги.";
2) 2-берененин 2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- асылдандыруу иши жаатында илимдин жетишкендиктерин практикага киргизүү, аларды асылдандыруу ишинин субъектилеринин арасында пропагандалоо;";
3) 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Асылдандыруу ишинин субъектилерин мамлекеттик колдоо Асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун алган асылдандыруу ишинин субъектилерин мамлекеттик колдоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.".
Берененин тексти 07.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 07.04.2026 · № 44
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111927/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>