13-статья. Акционердик инвестициялык фонддун акциялары
Күчүндө · 29.03.2019 редакциясы
1. Акционердик инвестициялык фонд өзүнүн жөнөкөй акцияларын жарыя эмиссиялоо же жекече сунуштоо (жабык жайгаштыруу) аркылуу акча каражаттарын тартат.
2. Акцияларды чыгаруу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Акционердик инвестициялык фонддун акциялары аларды жайгаштыруу же андан кийин сатуу учурунда (сатып алынган акциялар үчүн) акча каражаттары менен гана төлөнөт (пайданы капиталдаштыруу учурун кошпогондо) жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө катары берилиши мүмкүн эмес.";
8) 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Акционердик инвестициялык фонд тарабынан акцияларды сатып алуу
1. Акционердик инвестициялык фонд тарабынан акцияларды сатып алуу акционердик инвестициялык фонддун жайгаштырылган бир акциясына туура келүүчү таза активдердин наркына тең баада жүргүзүлөт.
2. Ачык акционердик инвестициялык фонд үчүн анын акцияларынын сатып алуу баасы күн сайын ар бир күндүн аягында эсептелип чыгат жана ал кийинки күндүн ичинде гана пайдаланууга жарактуу. Сатып алуу баасы сатып алууга тиешелүү табыштама берилген күнү аныкталат.
3. Интервалдык акционердик инвестициялык фонд үчүн анын акцияларынын сатып алуу баасы ушул статьянын 2-пунктуна ылайык эсептелип чыгат жана фонддун уставында белгиленген интервалдардын ичинде колдонулат. Интервалдык акционердик инвестициялык фонддун акцияларын сатып алуу жылына кеминде бир жолу жүзөгө ашырылууга тийиш.
4. Жабык акционердик инвестициялык фонд үчүн анын акцияларын сатып алуу "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Төмөнкү мезгилдерди кошпогондо, инвестициялык фонд сатып алууга берилген акциялар үчүн төлөмдү 14 календардык күндөн ашык кармоого укуксуз:
- фондулук биржа жабылган же баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан фондулук биржада соода кылууга тыюу салынган мезгилди;
- баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан инвестициялык фонддун активдери сарамжалдуу эмес жайгаштырылышы же инвестициялык фонд тарабынан анын таза активдеринин наркы адекваттуу эмес аныкталышы мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдын бар экени аныкталган мезгилди.";
9) 16-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
10) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-статья менен толукталсын:
"18-1-статья. Жабык үлүштүк инвестициялык фондду түзүүнүн жана башкаруунун өзгөчөлүктөрү
1. Анын инвестициялык үлүштөрүн жайгаштыруу жеке сунуштоо жолу менен гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон шартта жабык үлүштүк инвестициялык фонд квалификациялуу инвесторлор үчүн гана түзүлүшү мүмкүн.
2. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери инвестициялык үлүш боюнча орто аралыктагы кирешени төлөп берүүнү карашы мүмкүн, мында мындай кирешени төлөө киреше жүгүртүүдөгү бардык инвестициялык үлүштөр боюнча гана төлөнүп берилет. Орто аралыктагы кирешени төлөп берүү жабык үлүштүк инвестициялык фонддун таза активдеринин наркынын 20 пайыздан ашык төмөндөшүнө алып келбеши керек. Инвестициялык үлүш боюнча орто аралыктагы кирешени төлөп берүү жөнүндө чечим үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунда кабыл алынышы керек. Эгерде орто аралыктагы кирешени төлөп берүү жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесинде каралса, бирок үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунда мындай төлөм жөнүндө чечим кабыл алынбаса, анда төлөмдөр жүргүзүлбөйт.
3. Үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушу - үлүштүк инвестициялык фондду башкаруунун жогорку органы, анын компетенциясына төмөнкү маселелерди чечүү кирет:
- жабык үлүштүк фонддун эрежесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- орто аралыктагы кирешени төлөп берүү жана анын өлчөмүн бекитүү;
- жабык үлүштүк инвестициялык фондду мөөнөтүнөн мурда жоюу.
Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунун компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушун чакырууга жана өткөрүүгө милдеттүү. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесин өзгөртүү жөнүндө маселени үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунда кароо, милдеттүү түрдө жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө каршы добуш берген үлүшчүлөрдөн инвестициялык үлүштөрдү сатып алуу талабына укуктун пайда болушуна алып келет. Үлүшчүлөрдүн жаппы чогулушун чакыруунун жана өткөрүүнүн тартиби жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде каралууга жана Кыргыз Республикасынын ачык акционердик коомдору үчүн акционерлердин кезексиз жыйналыштарына карата колдонулуучу нормаларга ылайык келүүгө тийиш.
4. Башкаруучу компаниянын үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушун чакырууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдары жабык үлүштүк инвестициялык фондду түзүүчү мүлктүн эсебинен төлөнөт.
5. Эгерде жалпы чогулушка катышуу үчүн каттоо аяктаган учурга карата жайгаштырылган инвестициялык үлүштөрдүн 80 пайызынан ашыгына ээлик кылган үлүшчүлөр (алардын өкүлдөрү) катталса, үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушу укук ченемдүү деп таанылат. Үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунда добуш берүү "бир үлүшчү - бир добуш" принциби боюнча жүзөгө ашырылат. Үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунда бардык чечимдер чогулушка катышкан үлүшчүлөрдүн жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
6. Жалпы чогулуштун протоколунун көчүрмөсү ал өткөрүлгөн күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ошол үлүштүк инвестициялык фонддун кайсы болбосун үлүшчүсүнүн биринчи талабы боюнча ага берилүүгө тийиш.
7. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор, үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушу тарабынан мындай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттоо үчүн берилүүгө тийиш.";
11) 19-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы менен ошол үлүштүк инвестициялык фондго акча каражаттарын же башка мүлктү берген жактардын (инвесторлордун) ортосунда мүлктү үлүштүк инвестициялык фонддун курамында ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө ачык оферта шарттарын инвесторлор тарабынан акцептөө жолу менен мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүлөт. Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган үлүштүк инвестициялык фонддун эрежеси ушундай ачык оферта болуп саналат. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде ушул Мыйзамга ылайык инвестициялык актив катары аныкталган кайсы болбосун активдерди ушул үлүштүк инвестициялык фондго өткөрүп берүү каралышы мүмкүн.";
б) расмий тилдеги тексттин 3-бөлүгүндө "переданных" деген сөз "переданного" деген сөзгө алмаштырылсын;
12) 20-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө:
- жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- ушул Мыйзамда каралган учурларда инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин жалпы чогулушуна катышууга;
- эгерде жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде мындай кирешени төлөп берүү каралса, бул фондду түзүүчү мүлктү ишенимдүү башкаруудан киреше (орто аралыктагы киреше) алууга.";
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Эгерде бул жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде каралса, жабык үлүштүк инвестициялык фонддун үлүштөрүнө карата орто аралыктагы киреше чегерилиши жана төлөп берилиши мүмкүн.";
в) 6 жана 7-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Инвестициялык үлүштөрдү төлөө улуттук валютадагы акча каражаттары менен жүргүзүлөт. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордун инвестициялык үлүштөрүн төлөө улуттук же чет өлкөлүк валютада, ошондой эле башка мүлк түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн. Инвестициялык фондго чет өлкөлүк валютаны салганда, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсепке алынат. Үлүштүк инвестициялык фондго мүлктү салганда, улуттук же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынан айырмалуу мүлктүн рыноктук наркы көз карандысыз баалоочунун корутундусу менен ырасталат.
7. Үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүнөн келип чыгуучу баалуу кагаздар квалификациялуу инвесторлор үчүн чыгарылган учурда алардын ээлери квалификациялуу инвесторлор гана боло алат.";
13) 21-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Үлүштүк инвестициялык фонддун иши үлүштүк инвестициялык фондду башкаруучу компания тарабынан бекитилүүчү, ал эми ушул Мыйзамда каралган учурларда - инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин жалпы чогулушунда бекитилүүчү үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелери менен жөнгө салынат.";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- фонддун үлүштөрүн жабык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн квалификациялуу инвесторлор гана сатып алышы мүмкүн;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- жабык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин жалпы чогулушун чакыруунун жана өткөрүүнүн тартиби;
- орто аралыктагы кирешени төлөөнү караган жабык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн мындай кирешени эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби;";
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор каттоо жөнүндө билдирүү жарыялангандан кийинки күнү күчүнө кирет.";
14) 22-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Инвестициялык үлүштү сатып алууга табыштама берүү мүлктү үлүштүк инвестициялык фонддун курамында ишенимдүү башкарууга берүү жөнүндө офертанын акцепти болуп саналат.";
15) 23-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ачык жана интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддордун инвестициялык үлүштөрү аларды ачык сунуштоо аркылуу гана жайгаштырылышы мүмкүн. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштыруу жеке сунуштоо жолу менен жүрүшү мүмкүн.";
б) 5-бөлүгүндө "эркин конвертирленүүчү валюта" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-бөлүгү "аны басылмаларда" деген сөздөрдөн мурда "инвестициялык үлүштөр ачык жайгаштырылган учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
г) статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Ачык жана интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн инвестициялык үлүштөрдүн алгачкы жайгаштырылуусунун жыйынтыктарын каттоодо жайгаштырылбай калган инвестициялык үлүштөр жокко чыгарылбайт, алар эмитент сатып алган баалуу кагаздардын эсебине киргизилет жана кийин ал тарабынан сатылышы мүмкүн. Инвестициялык үлүштөрдүн эмитенти өзүнүн инвестициялык үлүштөрүнүн сатылышы жана сатып алынышы жөнүндө баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ай сайын маалымдоого милдеттүү.";
16) 24-статьяда:
а) статьянын аталышы жана 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-статья. Башкаруучу компания тарабынан инвестициялык үлүштөрдүн кийинки сатылышы жана сатып алынышы;
1. Инвестициялык үлүштү сатып алуунун же сатуунун баасы башкаруучу компания тарабынан үлүштүк инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын ал өзү жайгаштырган инвестициялык үлүштүн санына бөлүү жолу менен эсептелип чыгат.";
б) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 25-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- ушул Мыйзамдын 18-1-статьясына ылайык жабык үлүштүк инвестициялык фонддун үлүш ээлеринин жалпы чогулушунун чечими боюнча;";
18) 26-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы - баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясына ээ болгон, акционердик инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө келишимди түзгөн же үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесин каттаган юридикалык жак. Башкаруучу компания өз ишин баалуу кагаздар рыногундагы брокердик жана дилердик иштер менен айкалыштырууга укуктуу, мында ага баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоодо бир эле убакта инвестициялык фонддун жана мындай бүтүм боюнча контрагенттин кызыкчылыктарынын өкүлү болууга тыюу салынат.
2. Башкаруучу компания тиешелүү фонддордун инвестициялык декларацияларындагы алардын инвестициялык максаттарынын мазмуну бири-биринен айырмаланган шартта бир нече инвестициялык фонддорду башкарууга укуктуу, мында бир башкаруучу компанияга ээ инвестициялык фонддордун ортосундагы бүтүмдөргө тыюу салынат.";
19) 27-статьянын 8-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы "башкаруучу" деген сөздөн мурда "ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 1-бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен," деген сөздөр менен толукталсын;
20) 28-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө:
- жетинчи абзацы "чогулушун" деген сөздөн кийин "жана инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин жалпы чогулушун (жабык үлүштүк инвестициялык фонддор үчүн)" деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- инвестициялык активдерди сатып алууга, ээлөөгө жана сатып өткөрүүгө байланышкан чыгымдар;
- инвестициялык активдердин баасынын жагымсыз жакка өзгөрүшүн хеджерлөөгө чыгымдар.";
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Квалификациялуу инвесторлор үчүн акционердик инвестициялык фондорду кошпогондо, акционердик инвестициялык фонддун жылдык жыйынды чыгымдарынын эң жогорку чеги инвестициялык фонддун таза активдеринин жылдык орточо наркынын 8 пайызынан ашпайт. Квалификациялуу инвесторлор үчүн үлүштүк инвестициялык фонддорду кошпогондо, үлүштүк инвестициялык фонддун жылдык жыйынды чыгымдарынын эң жогорку чеги инвестициялык фонддун таза активдеринин жылдык орточо наркынын 5 пайызынан ашпайт.";
21) 29-статьянын 1-бөлүгү "Акционердик инвестициялык фонддун" деген сөздөрдөн мурда "Квалификациялуу инвесторлор үчүн үлүштүк инвестициялык фонддордон башка" деген сөздөр менен толукталсын;
22) 31-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-статья. Инвестициялык фонддун инвестициялык активдерине болгон укуктарды эсепке алууга жана аларды сактоого карата талаптар
1. Акционердик инвестициялык фонд жана үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык лицензияланган депозитарийде сактала турган активдерге укуктарды эсепке алуу үчүн инвестициялык фонддун депозитарийи менен келишим түзүүгө;
- инвестициялык фонддун инвестициялык портфелин түзүүчү баалуу кагаздарга болгон укуктарды инвестициялык фонддун депозитарийинде эсепке алууну өз-өзүнчө эсептерде жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын резиденттери эмес - эмитенттери тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды инвестициялык фонддун депозитарийинин жана чет өлкөлүк депозитарийлердин ортосундагы келишимдик корреспонденттик мамилелердин тутуму аркылуу инвестициялык фонддун депозитарийинде эсепке алууну жүзөгө ашырууга;
- инвестициялык фонддун инвестициялык активдеринин курамына кирген банктык депозиттерге, кыймылсыз мүлктөргө жана башка мүлктөргө карата укук белгилөөчү жана укук ырастоочу бардык документтердин көчүрмөлөрүн инвестициялык фонддун депозитарийине берүүгө, ошондой эле инвестициялык фонддун депозитарийинин талабы боюнча мүлккө же депозитке менчик укуктарын эсепке алуучу органдан мындай депозиттердин жана мүлктөрдүн факт жүзүндө бар экенин бышыктоочу эсеп боюнча маалымкатты/көчүрмөнү алып берүүгө.
2. Инвестициялык фонддордун мүлкүн сактоонун жана баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
23) 32-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Инвестициялык фонд чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарын иши чет мамлекеттин мыйзамдары боюнча жүзөгө ашырылуучу чет өлкөлүк депозитарийлерде сактоого укуктуу.";
б) 3-бөлүгү "Ар бир инвестициялык фонддун" деген сөздөрдөн мурда "Активдеринин курамына бир депозитарийде эсепке алууга мүмкүн болбогон активдер кирген фонддорду кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
24) 33-статьянын 1-бөлүгүндө:
а) төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддорду жана мамлекеттик баалуу кагаздарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кепилденген баалуу кагаздарга инвестициялоону кошпогондо, инвестициялык фонддун бардык таза активдеринин 20 пайыздан ашыгын бир эмитенттин баалуу кагаздарына инвестициялоо жүргүзүүгө;";
б) жетинчи-тогузунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- таза активдердин 20 пайызынан ашкан инвестициялык активин күрөөгө коюу менен акча каражаттары же башка мүлк түрүндө карыз берүүгө;
- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддорду кошпогондо, эгерде кайтарылуусу тийиш болгон кредиттин (карыздын) жалпы көлөмү кредит (карыз) жөнүндө келишимге кол коюлган күнгө карата инвестициялык фонддун таза активдеринин наркынын 10 пайызынан ашса, карыз капиталын тартууга. Кредит (карыз) узартуу укугусуз 6 айдан ашпаган мөөнөткө алынышы мүмкүн. Кредит (карыз) жөнүндө келишим инвестициялык фонд чыгарган баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн зарыл болгон акча каражаттарына кыска мөөнөттүү муктаждыкты канааттандыруу үчүн гана акционердик инвестициялык фонд же үлүштүк инвестициялык фондду башкаруучу компания менен түзүлүшү мүмкүн;
- инвестициялык активдер менен репо операцияларын кошпогондо, кандай гана болбосун түрдөгү кепилдиктерди берүүгө же күрөө бүтүмдөрүн жасоого;";
в) он биринчи абзацы "башка инвестициялык фонддор" деген сөздөрдөн мурда "квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддорду кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
г) он үчүнчү абзацы "инвестициялык фонддун" деген сөздөрдөн мурда "квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддорду кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
д) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддорду кошпогондо, күрөөлүк бүтүмдөрдү жасоого.";
25) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы VI-1 глава менен толукталсын:
"VI-1 ГЛАВА. КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ФОНДДОР
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111886/st-13" title="13-статья - Инвестициялык фонддордун ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>