33-1-статья. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддорду түзүү
Күчүндө · 29.03.2019 редакциясы
1. Акционердик инвестициялык фонддун уставында жана эмиссия проспектинде жана үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде инвестициялык фонд квалификациялуу инвесторлорго гана арнала турганы каралышы мүмкүн.
Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, мындай фонддордун акцияларын (үлүштөрүн) квалификациялуу инвестор болуп саналбаган жактардын сатып алышына жол берилбейт.
2. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонд өзүнүн статусун акцияларын (үлүштөрүн) квалификациялуу инвестор болуп саналбаган жактардын сатып алышына жол берген фондго өзгөртө албайт.
3. Инвестициялык фонд квалификациялуу инвесторлорго гана арналганы жөнүндө маалыматтар инвестициялык фонддун эмиссия проспектинин (эрежелеринин) титулдук барагында, ошондой эле инвестициялык фонддун эмиссия проспектинин (эрежелеринин) текстинин эң башталышында көрсөтүлүүгө тийиш, ал эми акционердик инвестициялык фонд үчүн анын уставында да көрсөтүлүүгө тийиш.
Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддун кандай гана болбосун ачык кулактандыруулары бул фонд квалификациялуу инвесторлор үчүн гана экенин көрсөтүү менен коштолууга тийиш.
4. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддор квалификациялуу инвесторлор үчүн фонддор гана болушу мүмкүн.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111886/st-33-1" title="33-1-статья - Инвестициялык фонддордун ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>