1-берене
Күчүндө · 29.03.2019 редакциясы
"Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Ушул Мыйзамда белгиленген учурларда, инвестициялык фонддорго акча каражаттарын тартуу жеке сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";
б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Ушул Мыйзамда белгиленген учурларда, үлүштүк инвестициялык фондго акча каражаттарын тартуу инвестициялык үлүштөрдү жеке сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";
2) 2-статьяда:
а) биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аффилирленген жак - башка жеке же юридикалык жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге төмөнкүлөрдүн күчү менен тикелей же кыйыр таасир көрсөтө алган кандай гана болбосун жеке же юридикалык жак:
- түзүлгөн келишимдин;
- акциялардын ири пакетине (үлүшкө) ээ болуунун;
- юридикалык жактын кызмат адамы болуп саналганынын;
- жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча башка жеке же юридикалык жак жеке же юридикалык жакка карата контролду жүзөгө ашыра алганынын.";
в) төртүнчү абзацында ", баалуу кагаздар рыногунун катышуучусу" деген сөздөр "же болбосо башкаруучу компания" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жүгүртүүдөгү баалуу кагаздардын жалпы саны - сатып алынган баалуу кагаздардын жалпы санын алып салганда, инвестициялык фонддун жайгаштырылган баалуу кагаздарынын жалпы саны. Ачык инвестициялык фонд жана интервалдык фонд үчүн жүгүртүүдөгү баалуу кагаздардын жалпы саны өзгөрүп турат. Ушул Мыйзамдын 18-1-статьясынын негизинде милдеттүү тындырууга карата инвестициялык үлүштөрдү берүү учурларын кошпогондо, жабык үлүштүк инвестициялык фонд үчүн жүгүртүүдөгү баалуу кагаздардын жалпы саны туруктуу болот.";
д) статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы-жыйырма экинчи абзацтар менен толукталсын:
"Квалификациялуу инвестор - баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында квалификациялуу инвесторго коюлган талаптарга ылайык келген жеке же юридикалык, анын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган жак. Квалификациялуу инвестор акча каражаттарын инвестициялык фонддордун баалуу кагаздарына инвестициялоого багытталган кандай гана болбосун документтерге кол коюуда ушундай жак катарында өзүнүн статусун көрсөтүүгө милдеттүү. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонд - акцияларына (үлүштөрүнө) квалификациялуу инвестор гана ээлик кылуучу жабык типтеги инвестициялык фонд. Инвестициялык үлүш боюнча орто аралыктагы киреше - үлүшчүлөрдүн жалпы чогулушунун чечиминин негизинде жабык үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелерине ылайык инвестициялык үлүш ээлерине төлөнүүчү инвестициялык үлүш боюнча киреше. Орто аралыктагы киреше жылына бир жолудан көп эмес төлөнөт.";
3) 4-статьяда:
а) экинчи абзацы "акционерлердин талабы боюнча" деген сөздөрдөн кийин "(ачык акционердик инвестициялык фонддор)" деген сөздөр менен толукталсын;
б) үчүнчү абзацы "инвестициялык фонддор" деген сөздөрдөн кийин "(интервалдык акционердик инвестициялык фонддор)" деген сөздөр менен толукталсын;
в) төртүнчү абзацы "инвестициялык фонддор" деген сөздөрдөн кийин "(жабык акционердик инвестициялык фонддор)" деген сөздөр менен толукталсын;
г) алтынчы абзацы "инвестициялык фонддор" деген сөздөрдөн кийин "(ачык үлүштүк инвестициялык фонддор)" деген сөздөр менен толукталсын;
д) жетинчи абзацы "инвестициялык фонддор" деген сөздөрдөн кийин "(интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддор)" деген сөздөр менен толукталсын;
е) статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- үлүштүк инвестициялык фонддор тарабынан эмиссияланган инвестициялык үлүштү үлүш ээлеринин (жабык үлүштүк инвестициялык фонддордун) талабы боюнча сатып алуу милдеттенмеси жок үлүштүк инвестициялык фонддор.";
4) 5-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"инвестициялык фонд ачык, интервалдык же жабык болуп санала турганын көрсөтүү менен "акционердик инвестициялык фонд"; инвестициялык фонд ачык, интервалдык же жабык болуп санала турганын көрсөтүү менен "үлүштүк инвестициялык фонд" деген сөздөр сөзсүз болууга тийиш.";
5) 7-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Аны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсепке алынган шартта, Акционердик инвестициялык фонддун уставында квалификациялуу инвесторлор үчүн уставдык капиталды чет өлкөлүк валюта менен төлөө мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн.";
6) 9-статьянын 3-бөлүгүнүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 12-1 жана 13-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-1-статья. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органы
1. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органы ушул Мыйзамда жана уставда берилген ыйгарым укуктардын чегинде акционердик инвестициялык фонддун ишине жетекчилик кылат.
2. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын ыйгарым укуктарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же уставда аныкталган акционердик инвестициялык фонддун башка башкаруу органдарынын айрыкча компетенциясына кирбеген бардык маселелерди чечүү кирет.
3. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын мүчөлөрү акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңеши тарабынан дайындалат.
4. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын функциялары келишим боюнча башкаруучу компанияга өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Башкаруучу компанияны тандап алуу жана аны менен келишим түзүү акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин компетенциясына кирет. Акционердик инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча баалуу кагаздар рыногундагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясына ээ болууга тийиш.
5. Акционердик инвестициялык фонддун уставы фондду башкаруунун тартиби жөнүндө жоболорду камтууга тийиш.
6. Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын мүчөлөрүнө төлөмдөрдүн тартиби жана сыйакылардын өлчөмү акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңеши тарабынан белгиленет.
7. Жыл сайын акционерлердин чогулушун өткөрүүгө 20 календардык күн калганга чейин акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органы бухгалтердик балансты, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчетту жана башка финансылык отчетторду камтыган жылдык отчетту даярдоого жана таанышуу үчүн бул материалдардын акционерлерге жеткиликтүү болушун камсыз кылууга тийиш.
Акционердик инвестициялык фонддун аткаруу органынын жылдык отчетуна фонддун башкармасынын төрагасы же болбосо анын башкы директору же болбосо башкаруучу компаниянын жетекчиси кол коюшу керек жана жылдык отчет акционердик инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин отурумунда каралууга жана жактырылууга тийиш.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Инвестициялык фонддор жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 92
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111886/st-1" title="1-берене - Инвестициялык фонддордун ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>