2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Күчүндө · 25.01.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11
Ушул Мыйзамда төмөнкү терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын аныкталуучу артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тастыкталган жогорку сапаттагы сорттук үрөндөрүн өндүрүүдө үрөнчүлүк чарбаларынын сарптоолорунун бир бөлүгүнүн ордун толтурууга бекер жана кайтарымсыз негизде бөлүнүүчү бюджеттик каражаттардын суммасы;
2) тастыкталган сорттук үрөндөргө квота - айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дотациялык үрөндөрүнүн көлөмү;
3) тастыкталган сорттук үрөндөргө квоталарды бөлүштүрүү боюнча комиссия - алардын иши айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тастыкталган үрөндөрүнө квоталарды бөлүштүрүү менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрү;
4) мамлекеттик дотация жайылтылуучу артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрү - айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жыл сайын аныкталуучу айыл чарба өсүмдүктөрү.
(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 37, 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2021 года № 37 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной дотации в семеноводстве"Редакцияларды салыштыруу
25.01.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация - Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын аныкталуучу артыкчылыктуу айыл чарба … укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин чечими менен жыл сайын аныкталуучу айыл чарба өсүмдүктөрү.
(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № алынып салынды: 37 кошулду: 37, 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111871/st-2" title="2-берене - Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>