Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 23-марты № 37 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 2, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) мамлекеттик дотация жайылтылуучу артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрү - айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жыл сайын аныкталуучу айыл чарба өсүмдүктөрү.";
2) 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дотациялык тастыкталган үрөндөрдүн көлөмдөрүн аныктайт. Мамлекеттик дотациянын көлөмүн аныктоо, мамлекеттик дотация берүү механизминин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, дотациялык үрөндөргө коюлуучу бааны бекитүү, мамлекеттик дотациянын квоталарын белгилөө жана каражаттарын төлөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык белгиленет.";
3) 7-беренеде:
а) 4-бөлүгү "монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген методикага ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 9-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кызмат адамдары, үрөнчүлүк чарбалары жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү ушул Мыйзамдын ченемдерин бузганы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазык мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.";
б) 2-бөлүгү "дотациялык үрөндөрдү алуучунун талабы боюнча" деген сөздөрдөн кийин "соттун чечиминин негизинде" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 30-мартындагы № 28 (3207) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент Кыргызской Республики
С.Жапаров
2021-жылдын 10-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндөЗакон · 02.02.2019 · № 22
Шилтеме берет (1)
- Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндөЗакон · 02.02.2019 · № 22