1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 343-беренеде:
а) "Эгер" деген сөз "1. Эгер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) төмөнкү жерлер:
а) коруктардын, резерваторлордун, жаратылыш, улуттук жана дендрологиялык парктардын, ботаникалык жана зоологиялык бактардын, корукчалардын, жаратылыш эстеликтеринин, тарыхый-маданий маанидеги объектилердин, запастагы бөлүштүрүлө элек жерлер, мамлекеттик чек араны бойлой кеткен байкоо тилкеси ээлеп турган жерлер;
б) калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы, коргоочу токой тилкелери ээлеп турган, суу жана токой фондунун;
в) катнашуу жолдорунун, айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду бойлото кеткен жер тилкелери;
г) айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, өнүмдөрдү өткөрүүчү түтүктөр өткөн жана байланыш линияларынын;
д) айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, электр энергиясын иштеп чыгуу же берүү үчүн пайдаланылуучу суу сактагычтардын жана суу каптоочу зоналардын жана электр берүүчү линиялардын астындагы;";
в) 4-пунктунда "жана/же ижарага берилгенден" деген сөздөр алып салынсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган салык салуудан бошотуу көрсөтүлгөн жерлер же алардын бөлүгү жер пайдалануучу тарабынан ижарага берилген учурларга жайылтылбайт.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111841/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>