КР «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-18.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 23-январы № 9 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2018-жылдын 13-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 343-беренеде:
а) "Эгер" деген сөз "1. Эгер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) төмөнкү жерлер:
а) коруктардын, резерваторлордун, жаратылыш, улуттук жана дендрологиялык парктардын, ботаникалык жана зоологиялык бактардын, корукчалардын, жаратылыш эстеликтеринин, тарыхый-маданий маанидеги объектилердин, запастагы бөлүштүрүлө элек жерлер, мамлекеттик чек араны бойлой кеткен байкоо тилкеси ээлеп турган жерлер;
б) калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы, коргоочу токой тилкелери ээлеп турган, суу жана токой фондунун;
в) катнашуу жолдорунун, айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду бойлото кеткен жер тилкелери;
г) айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, өнүмдөрдү өткөрүүчү түтүктөр өткөн жана байланыш линияларынын;
д) айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, электр энергиясын иштеп чыгуу же берүү үчүн пайдаланылуучу суу сактагычтардын жана суу каптоочу зоналардын жана электр берүүчү линиялардын астындагы;";
в) 4-пунктунда "жана/же ижарага берилгенден" деген сөздөр алып салынсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган салык салуудан бошотуу көрсөтүлгөн жерлер же алардын бөлүгү жер пайдалануучу тарабынан ижарага берилген учурларга жайылтылбайт.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 25-январындагы N 5 жарыяланды Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин жоболорунун колдонулушу 2009-жылдын 1-январынан тартып келип чыккан салыктык укук мамилелерине жайылтылары белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон