47-4-берене. Түздөн-түз келишим түзүү аркылуу тандап алуу
Күчүн жоготкон · 11.01.2019 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
1. Сатып алуучу уюм жеке консультанттарды жалпыга маалымдоо каражаттары же мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу төмөнкүдөй учурларда тапшырмаларды аткарууга чакырат, эгерде:
1) адистер тобун жалдоо зарылчылыгы болбосо;
2) сырттан кошумча маалымат алуу зарылчылыгы болбосо;
3) негизги талап болуп адамдын тажрыйбасы жана квалификациясы саналат.
2. Конкреттүү тапшырманы аткаруу үчүн жеке консультанттарды тандап алуу алардын тажрыйбасын жана квалификациясын эске алуу менен жүргүзүлөт. Консультанттар тапшырманы аткарууга кызыкдар болгондордун ичинен, же сатып алуучу уюм түз кайрылгандардын арасынан тажрыйбасын жана квалификациясын салыштыруу жолу менен тандалып алынат.
3. Сатып алуучу уюм тарабынан жалданган жеке консультанттар квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш жана тапшырманы аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Алардын мүмкүнчүлүгү алган билимине, тажрыйбасына жана квалификациясына жараша бааланат.
4. Сатып алуучу уюм жеке консультанттарды төмөнкүдөй учурларда гана конкурссуз (түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу) тандап алышы мүмкүн:
1) эгерде тапшырма конкурстун негизинде тандап алынган консультант тарабынан мурда аткарылган иштин уландысы болсо;
2) эгерде тапшырманын узактыгы үч айдан кем болсо жана сатып алуу наркы максималдуу босоголук суммадан ашпаса;
3) эгерде кырдаал форс-мажордук жагдайдын кесепетинен өзгөчө мүнөзгө ээ болсо;
4) эгерде адам бул тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон квалификацияга жана тажрыйбага ээ болгон жалгыз консультант болсо.";
36) 48-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар сатып алуу жол-жоболорунун ар кандай этабында, анын ичинде түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алууларга даттанууларды мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу ведомстволор аралык көз карандысыз комиссияга берүүгө укуктуу.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Даттануунун натыйжасында кызыкчылыктары бузулган же бузулушу мүмкүн болгон берүүчү (подрядчы), консультант даттануунун жол-жоболоруна катышууга укугу бар. Мындай жол-жоболорго катышпаган берүүчү (подрядчы), консультант, эгерде алар даттануу жөнүндө кабарландырылса, кийин ошол эле маселе боюнча даттануу берүү укугунан ажыратылат.";
37) 49-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Даттанууну объективдүү кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көз карандысыз ведомстволор аралык комиссияны түзөт, ал министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, ведомстволордун жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы сертификацияланган адистерден турат. Көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобону жетекчиликке алат.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия даттанууларды алгандыгы тууралуу сатып алуучу уюмга токтоосуз кабарлайт жана сатып алуулардын жол-жобосун он күнгө токтотот. Ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия даттанууну электрондук форматта карайт. Керек учурда даттанууну сатып алуучу уюмдун жана даттанууну берген катышуучунун катышуусунда карайт. Эгерде карап чыгуу учурунда документтерди кошумча суратуу, же башка адистерди же эксперттерди чакыруу, же болбосо кошумча экспертизаны жүргүзүү зарыл болсо, анда комиссия зарыл жол-жоболорду жана иш-чараларды жүргүзгөндөн кийин беш жумушчу күндүн ичинде биротоло чечим чыгарат. Ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия жети жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечим чыгарат жана мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат, чечимде төмөнкүлөр камтылат:
1) чечимди кабыл алуунун жүйөлөрүнүн негиздемеси;
2) даттануу толук же бөлүгүндө канааттандырылган учурда, баяндалган талаптарды канааттандырууга багытталган чаралар.";
в) 4-бөлүктөгү "берүүчүнүн (подрядчынын)" деген сөздөр "конкурска катышкан берүүчүлөрдүн (подрядчылардын)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Эгерде даттануу боюнча чечим белгиленген тартипте бейтарап сотто же жалпы юрисдикциядагы сотто даттанылбаган болсо, ал биротоло чечим деп эсептелет.";
д) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Эгерде ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия сатып алуу ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен жүргүзүлдү деп тааныса, ал даттануунун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарат, аны менен катышуучу бейтарап сотко же жалпы юрисдикциядагы сотко конкурсту жараксыз деп таануу үчүн кайрылууга укуктуу.";
38) 50-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"50-берене. Сот тартибинде даттануу
1. Сатып алуу жол-жоболорун жүзөгө ашырууда берүүчүлөр (подрядчылар) менен сатып алуучу уюмдун ортосундагы келип чыгуучу талаштар, ошондой эле сатып алуучу уюмдун, көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ушул Мыйзамдын 49-беренесине ылайык кабыл алынган чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бейтарап сотко же жалпы юрисдикциядагы сотко даттанылат.
2. Ушул главанын жоболору пикир келишпестиктерди ушул Мыйзамга ылайык алдын ала чечпей туруп, бейтарап сотко же жалпы юрисдикциядагы сотко кайрылуу берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) укуктарын чектөө катары каралышы мүмкүн эмес.";
39) 51-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Сатып алуучу уюм берүүчү (подрядчы) тарабынан келишимди аткаруунун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдин аткарылышынын статусу тууралуу маалыматты жайгаштырат.";
40) 52-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сатып алуучу уюм аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды кошпогондо, аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык, берүүчүдөн (подрядчыдан) келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну сурата алат.".
Берененин тексти 11.01.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111831/st-47-4" title="47-4-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>