47-3-берене. Эң төмөнкү баа боюнча тандап алуу
Күчүн жоготкон · 11.01.2019 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
1. Консультанттарды тандоодо, эгерде калыптанган практика менен ченемдер бар болсо, типтүү же стандарттуу тапшырмалар үчүн максималдуу босоголук суммадан төмөн, эң төмөнкү нарк боюнча тандап алуу усулу колдонулат. Сатып алуучу уюм техникалык сунуштар боюнча эң төмөнкү өтүүчү баллды белгилейт жана аны сунуштарды берүүгө чакыруу кагазында көрсөтөт.
2. Ушул Мыйзамдын 38-беренесине ылайык сатып алуучу уюм конкурстук документтерди алуу үчүн консультанттарды чакырат. Кызыкдар консультанттар бир эле мезгилде техникалык жана финансылык сунуштарды беришет. Адегенде бардык техникалык сунуштар ачылат жана бааланат. Минималдуу баллды албаган техникалык сунуштар четке кагылат, андан кийин калган финансылык сунуштар ачылат.
3. Келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө эң төмөнкү баллдан көбүрөөк алган жана финансылык сунуш боюнча эң аз наркты сунуш кылган консультант тандалып алынат.
Берененин тексти 11.01.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111831/st-47-3" title="47-3-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>