16-берене. Коммерциялык эмес уюмдарды коргоо боюнча чаралар
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кайрымдуулук, диний, маданий, билим берүү, социалдык жана коомдук максаттарда акча каражаттарды же башка мүлктү жыйнаган жана (же) бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырган коммерциялык эмес уюмдар секторунда, ушул коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин (мындан ары ушул беренеде - тобокелдиктер) баалоону жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар белгиленет.
Тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары боюнча аларды террористтик иштерди каржылоого пайдалануунун жогорку тобокелчилигине дуушар болгон коммерциялык эмес уюмдардын (мындан ары - жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдар) түрлөрү аныкталат. Тобокелдиктерди баалоонун тартиби, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен анын натыйжаларын талкуулоо тартиби, ошондой эле ушул баалоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз ишинде дайыма Санкциялык тизмекти пайдаланууга;
2) өзүнүн билдирилген ишинин максаттары жана милдеттери жөнүндө, өзүнүн уюштуруучулары жөнүндө, коммерциялык эмес уюмга ээлик кылган, контролдогон же башкарган жактар жөнүндө, бул коммерциялык эмес уюмдан каражат алган жактар жөнүндө маалыматты түзүүгө жана кеминде беш жыл сактоого;
3) өзүнүн кирешелери жана чыгымдары, каражаттар менен жүргүзүлгөн операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө финансылык отчетторду түзүүгө, ошондой эле аларды кеминде беш жыл сактоого;
4) коммерциялык эмес уюмдун билдирген ишине ылайык бардык каражаттарды жана алардын чыгымдарын эсепке алууну камсыз кылуучу контролдоо чараларын көрүүгө.
Жогоруда көрсөтүлгөн көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат финансылык чалгындоо органына анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде берилет.
3. Коммерциялык эмес уюмда аны террористтик ишти каржылоого пайдаланып жатат деген шектенүү болгон учурда, бул коммерциялык эмес уюм финансылык чалгындоо, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарына тийиштүү билдирүү жөнөтөт.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аныкталат:
1) жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдар арасында террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин азайтуу маселеси боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүчү;
2) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган ченемдерди сактоо маселелери боюнча жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдардын ишин контролдоочу;
3) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган ченемдерди бузгандыгы үчүн натыйжалуу, пропорциялуу жана ооздуктоочу санкцияларды колдонуучу;
4) коммерциялык эмес уюмдарды террористтик ишти каржылоого пайдалануу фактыларын айкындоо, бөгөт коюу жана иликтөө үчүн маалыматтарды жыйноочу;
5) террористтик ишти жасоого же террористтик ишти каржылоого катышы бар коммерциялык эмес уюмдарга карата эл аралык суроо-талаптарга жоопторду берүүчү.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
28.12.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эмес уюмдарды коргоо боюнча чаралар
1. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан кайрымдуулук, диний, маданий, билим берүү, социалдык жана … жөнүндө маалыматтарды жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес … органдарына тийиштүү билдирүү жөнөтөт.
4. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик … эмес уюмдарга карата эл аралык суроо-талаптарга жоопторду берүүчү.
кошулду: (КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 19-июнундагы № 290 ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө"…Распоряжение · 19.06.2023 · № 290
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна "Финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдары менен өз ара…Положение · 25.12.2018 · № 606 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана…Постановление · 03.07.2023 · № 331 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111822/st-16" title="16-берене - Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>