17-берене. Накталай акча каражаттарынын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин мыйзамсыз орун которууларын айкындоо боюнча чаралар
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 3-глава
1. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу ар түрдүү ыкмалар менен жүзөгө ашырылуучу накталай акча каражаттарын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүү, ошондой эле алардын алып өтүүсүн контролдоо Кыргыз Республикасынын бажы иштеринин чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынган эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык жөнгө салынат.
2. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өтүп жаткан накталай акча каражаттарын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди декларациялоонун натыйжасында алынган маалымат жалпыланат жана анын негизинде электрондук маалымат базасы түзүлөт, ал декларацияланган учурдан тартып кеминде беш жыл сакталат.
Электрондук маалымат базасын түзүү тартиби жана ага кирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттардын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин мыйзамсыз алынып өтүшүн айкындоо боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан көрүлөт, мында маалыматтын талаптагыдай пайдаланылышын камсыз кылууга багытталган кепилдиктер сакталган шартта мыйзамдуу акча каражаттарынын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин алынып өтүшү үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктар түзүлбөйт.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
28.12.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…базасын түзүү тартиби жана ага кирүү тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз … алынып өтүшүн айкындоо боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан … алынып өтүшү үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктар түзүлбөйт.
кошулду: (КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111822/st-17" title="17-берене - Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>