12-берене. Санкциялык тизмек
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2025 года № 26
1. Санкциялык тизмек өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин;
2) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегин.
2. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды таратууну, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү, же болбосо ошол топко же коомдоштукка катышууну же ошол топко же коомдоштукка башка көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы (мындан ары бул беренеде - кылмыштуу иш) жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегин камтыйт, ал төмөнкү документтердин биринин негизинде түзүлөт:
1) кылмыштуу ишти жасагандыгы же болбосо ушул ишти каржылагандыгы үчүн жеке жакты күнөөлүү деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотунун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү;
2) кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгына же ушул иштерди каржылагандыгына байланыштуу топтун, уюмдун жана юридикалык жактын ишин таануу жана жоюу же тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
3) кылмыштуу ишти, же болбосо ушул ишти каржылоону жүзөгө ашырууга шектелген же айыпталган жеке жакка карата Кыргыз Республикасында чыгарылган кылмыш ишин козгоо же айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом;
4) кылмыштуу ишти жасагандыгы же болбосо ушул ишти каржылагандыгы үчүн шектелгенге, айыпталганга же соттолгонго (улуттук жана эл аралык) издөө жарыялангандыгы жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн же соттун чечими;
5) жеке жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар төмөнкүлөр боюнча негиздүү маалыматтар болгон учурда даярдалган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын, ички иштер органынын же финансылык чалгындоо органынын документи:
а) кылмыштуу ишти каржылоого, пландаштырууга, көмөктөшүүгө, даярдоого же жүзөгө ашырууга түз же кыйыр катышкандыгы;
б) кылмыштуу жүзөгө ашыруучу жактардын, топтордун жана уюмдардын түз же кыйыр контролунда болгон же болбосо ушул жосундарды жасаган жактардын, топтордун жана уюмдардын атынан же көрсөтмөсү боюнча аракеттенгендиги;
6) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же өз ара пайдалуу принциптерде Кыргыз Республикасында таанылган террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы же ушул ишти каржылагандыгы үчүн жактарды, топторду жана уюмдарды айыптоо жөнүндө чет мамлекеттин сотунун өкүмү (чечими);
7) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же өз ара пайдалуу принциптерде Кыргыз Республикасында таанылган чет мамлекет, эл аралык уюм же алар ыйгарым укук берген орган тарабынан түзүлгөн кылмыштуу ишке катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
8) кылмыштуу ишке же ушул ишти каржылоого катышкан жактарга, топторго жана уюмдарга карата чет мамлекеттин компетенттүү органынын же эл аралык уюмдун эл аралык суроо-талабы.
3. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине ошондой эле төмөнкүлөр киргизилет:
1) Санкциялык тизмекке киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын толук же биргелешкен менчигинде же туз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) контролу астында турган юридикалык жактар, уюмдар жана топтор;
2) Санкциялык тизмекке киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын атынан же тапшырмасы боюнча аракеттенген жеке жана юридикалык жактар, уюмдар жана топтор.
4. Жеке жана юридикалык жактарды, топторду жана уюмдарды Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин түзүү үчүн негиз болуп саналган документте көрсөтүлгөн негиздүү жана жетиштүү негиздер болгондо кабыл алынат.
Жеке жана юридикалык жактар, топтор жана уюмдар аларды Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечимге административдик (сотко чейинки) тартипте же болбосо соттук тартипте даттана алышат.
5. Жеке жана юридикалык жактар, топтор жана уюмдар Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинен төмөнкү учурларда чыгарылат:
1) ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер толук же жарым-жартылай жокко чыгарылганда (чакырып алынганда);
2) Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жактын, топтун, уюмдун же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусун кароонун негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча;
3) соттун чечими боюнча.
6. Жеке жана юридикалык жакты, топту, уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жана андан чыгаруу тартиби, ошондой эле аны жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
7. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт, жаңыланат жана жарыяланат.
Аларга карата террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жактарды, топторду жана уюмдарды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн сунуштарды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2020-жылдын 21-августундагы № 139, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125, 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 августа 2020 года № 139 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна "Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу…Положение · 25.12.2018 · № 606 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111822/st-12" title="12-берене - Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>