Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
71-берене. Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары
Күчүндө · 27.03.2023 редакциясы · 2-глава
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Жарандык коргонуу, кырсык тобокелдигин азайтуу жаатындагы концепцияларды жана программаларды, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик программаларын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун негизинде жана аларды аткаруу үчүн пландарды бекитет;
2) Жарандык коргонуу иш-чараларын каржылоо маселелерин чечет жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен азык-түлүк, медициналык жана башка каражаттардын зарыл запастарын түзөт;
3) республикалык, трансчек аралык өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчилерин аныктоо жана алар келип чыккан учурда мамлекеттик жардам көрсөтүү жөнүндө сунуштарды даярдайт;
4) Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитет;
5) Жарандык коргонуу кызматтарынын тизмегин аныктайт жана алардын милдеттерин, функцияларын, иш тартибин, Жарандык коргонуу жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана уюмдардын укуктарын жана милдеттерин бекитет, республикалык Жарандык коргонуу кызматтарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алат;
6) Жарандык коргонуунун муктаждыктары үчүн мамлекеттик финансылык жана материалдык резервдерди түзүүнү камсыз кылат, ошондой эле аларды пайдалануунун тартибин аныктайт;
7) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматтарды чогултуу жана алмашуу тартибин аныктайт;
8) Жарандык коргонуу түзүмдөрүн түзүүнүн жана ишинин тартибин аныктайт;
9) өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдарга жана балдарга карата зомбулук тобокелдиктерин азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт;
10) жашаган калктын санына жана мамлекеттин экономикасында олуттуу роль ойногон же калктын коопсуздугуна таасир этүүчү уюмдардын, ошондой эле уюмдардын мамлекеттин экономикасындагы ролуна же калктын коопсуздугуна тийгизген таасирине жараша Жарандык коргонуу боюнча категорияларга кирүүсүнүн тизмегин жана тартибин аныктайт;
11) коопсуз райондорго калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо жана көчүрүү тартибин аныктайт;
12) Жарандык коргонуу маселелери боюнча калкты окутуунун тартибин аныктайт;
13) Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын жана башка объекттерин түзүүнүн жана күтүүнүн тартибин аныктайт;
14) Жарандык коргонуу максатында материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык жана башка каражаттардын запастарын топтоо, сактоо жана пайдалануу тартибин аныктайт;
15) Жарандык коргонууну даярдыкка келтирүү тартибин аныктайт;
16) өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин белгилейт;
17) өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин жана зыяндарын баалоо тартибин аныктайт;
18) өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо тутумун түзүүнүн жана анын иштөө тартибин аныктайт;
19) кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүгө чыгымдарды компенсациялоонун тартибин аныктайт;
20) Жарандык коргонуу жаатында мамлекеттик экспертиза, контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун тартибин белгилейт;
21) Жарандык коргонуу жаатында мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруунун ченемдерин жана эрежелерин аныктайт;
22) Жарандык коргонуу жаатында эскертүүлөрдү берүү тартиби жөнүндө жобону бекитет;
23) атайын превентивдүү жана жоюу иш-чараларын өткөрүү тартибин аныктайт;
24) Кыргыз Республикасынын Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформасын түзүүнүн жана анын иштөө тартибин аныктайт;
25) Жарандык коргонуу жаатында илимий изилдөөлөрдү иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү, атайын программаларды аткарууну уюштурат;
26) Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын милдеттерин, функцияларын жана курамын бекитет;
27) өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын аныктайт;
28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жаатында башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 27.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 05.02.2019 · № 41
- Постановление Правительства КР от 3 июня 2019 года № 274 "Об утверждении Положения о формированиях Гражданской защиты"Постановление · 03.06.2019 · № 274
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 634 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 274 "Жарандык коргонуу түзүмдөрү…Постановление · 04.12.2023 · № 634
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 176 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ЖарлыгыУказ · 02.07.2024 · № 176
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабры № 669 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Жарандык…Постановление · 12.12.2023 · № 669
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 "Аймактарды топторго, уюмдарды -…Постановление · 29.03.2024 · № 141
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 "Жарандык коргонуу жаатындагы…Постановление · 21.12.2023 · № 687
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111787/st-71" title="71-берене - Жарандык коргонуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>