Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 176 «Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2024-жылдын 2-июлу ПЖ № 176 Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун иштешин уюштуруу деңгээлин жогорулатуу максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жогоруда аталган Жободо каралган иш-чаралар тартылган министрликтердин, ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тиешелүү жылга каралган финансылык каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын…Порядок · 20.05.2026 · № 354
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 176 Жарлыгы менен бекитилди) жобоПоложение · 02.07.2024 · № 176
Шилтеме берет (2)
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021